Нуралы КАПАРОВ: Чүй суусу

Казак менен кыргыздын чегин бөлүп, чек ара болуп аккан Чүй суусун Кордойдун жарандары нечен жылдан бери кордоп келатканына ичим ачышат. Адамдан жол сурабай кудайдан жол сурап ээн-эркин оонап аккан Чүйүмдүн суусун бульдозерун булкунтуп, тракторун жулкунтуп айдап алган, колуна кетмен алган, күрөк алган кордойлуктар нечен кылым жайпап аккан жээгинен кубалап, нугунан кубалап, таш менен, топурак-тос менен тосуп, жаагын айрып, канатын кайрып казакка жер жетпей куурулуп кеткенсип алакандай болсо да жер арттырып, сай арттырып удургуп аккан мөлтүр кашка суумду кара жолдун таманы […]

Жетиген АСАНБЕК: Дарты табылса дабасы табылар, дабасы табылса дарт да айыгар

Кетип аткан ажо деп сөзүнө маани бербей да койсок болот эле. Бирок жалган кеп жалындуу кайталанып жатса, чындыктын ооз учунан айтылып турушу кечирилгис экенин белгилеп, айтып калуу, кайталап айтуу абзел. Калптын өмүрү кыска болуп, а чындык чексиз жашарын билген кишиге чындык чыккан ооз болуунун өзү чоң олжо. Аныгында чындык ажого болобу, башкага болобу жакшылык гана издейт. Бул жолу көбүрөөк жакшылык кетчү ажобузга тийиштүү болгону турат. Себеби анын:   Коңшу өлкө биздин ички ишибизге кийлигишип жатат Бизге кимди президент шайлашыбыз керек […]

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин ырлары

ТҮШКӨ КИРДИҢ Күтүүсүздөн бир бутакка конгонсуп, күтүүсүздөн бир учакта болгонсуп – кырк жылдан соң неге кирдиң түшүмө кыйшайттыра, кылжыйттыра ойлонтуп? Карап көрсөм ортобузду ой чулгап: канча деңиз таарып-толкуп олтур, кап! Таарып-бөлүп тоолор, чөлдөр араа тиш, тайанычы – жер, көк кошо солкулдап! Канча өлкөлөр аралоодо араны-ай кармап алып сайасатты араадай. Токой болуп сансыз күндөр ортодо тосуп турат, кесип турат айабай. Оттук сымал сезим жанып дүрт эле, оо, ал кездин атаманы күлкү эле! Канат-сүйүүм жайылганда сен үчүн – канчаларга калка болуп турчу […]

Мухтар Ауэзовдун 1952-жылы «Манас» боюнча өткөн конференцияда сүйлөгөн сөзү

Данакер Бүгүнкү өтүп жаткан конференцияда биз биринчи иретте төмөнкү суроолорго жооп берүүгө тийишпиз: Советтик кыргыз элине «Манас» эпосу керекпи же жокпу? Анын варианттарынын бириктирилген туундусу болушу мүмкүнбү же жокпу? Эгерде мүмкүн болсо, бул ишти кандайча жол менен ишке ашыруу керек? Ушул суроолорго жооп алгандан кийин гана «Манасты» окуп, изилдөө жана анын жаралуу доору жөнүндөгү суроолор коюлганы туура болот. Ошентип, менин оюмча, бул сөзүмдө бая айтып өткөн ошол үч суроого жооп берүүгө милдеттүүмүн. Мен кабыргасынан койгон биринчи суроо – бул кыргыз […]

Казак ичине сиңип кеткен кыргыздардын таржымалы

XVIII кылымдын 60–70-жылдарында Казакстандын түштүк чек арасына тийиштүү маселелерди чечүүгө Абылайхан (1771–1780-ж.ж. хандык кылган) белсене киришкен. Анткени ушул мезгилдерде кыргыздар менен казактардын ортосунда чек ара маселеси өтө курч мүнөзгө айланган эле. Бирок бул маселелер узак убакыттан бери казакстандык изилдөөчүлөрдүн назарынан сырт калып келди. Анын башкы себептеринин бири — бул маселелер тек гана фольклордук даректерде айтылып келгендиктен, алар марксизм-ленинизм теориясына жатпагандыгына байланыштуу көз жумду мамиле жасоого аргасыз кылынган. Булар өзгөчө Кеңеш дооруна байланыштуу болгон. Жуңгар хандыгы жоюлары менен бир кездеги бул […]

Юлий ХУДЯКОВ: Түрк жана монгол элдеринин сөөк көмүү салтындагы курал-жарактар

XIX–XX кылымдардын башындагы изилдөөчүлөр тарабынан белгиленгендей,Теңир-Тоодогу (Тянь-Шандагы) кыргыздарда жана казактардын Каспий боюндагы аймактарында мүрзө үстүндөгү курулуштарды кооздоп жасоодо кошумча каражат катары колдонулгандардын арасында найзанын учу менен шыргыйлар, мамылар, туулар, бунчуктар, жаа-жебелер жана күмбөздөрдөгү курал-жарактардын сүрөттөрү бар. Кыргыздардагы сөөк көмүү салтын дагы найзаларды колдонуу усулу жөнүндөгү маалыматтар XVIII кылымдын аягына туура келет. Белгилүү этнограф С.М.Абрамзондун, кыргыз изилдөөчү Абдыкалык Чоробаевдин маалыматына караганда, ошол заманда азыркы Ак-Талаа районундагы Ак-Терек жергесинде өз убагында бири-бири менен касташкан эки баатырдын (Кемпир бала жана Чомой баатыр) сөөгү […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Казак боорума кат»

Мына, Чүй дарыясын бойлой тикенек зымдан куралган «сепил» пайда болгонун баарыбыз көрүп келебиз. Кезегинде мындай заардуу тосмо,  балалыгым өткөн Ак-Сай өрөөнүндө СССР-Кытай чегарасын ажыратып турар эле. Азыр эми эсил кайран союз кулагандан бери чейрек кылым өттү, анын бири жок, тосмонун изи жок. Деги ар кандай тосмо, коргон менен абаны, сууну, кушту, ошол куштай кайкып учкан адам көңүлүн, кыялын, сүйүүсүн… токтотууга болобу, боорум!