Азамат ТӨКӨРОВ: Азыр робот-мусулмандарды даярдаган агымдар көбөйүп кетти

Дин туурасында коомчулук арасында атайы сурамжылоо уюштурдук, бүгүн ошол сурамжылоого катышып берген инсандарыбыз: белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин, коомдук жана мамлекеттик ишмер Эмилбек Каптагаев жана учурда Россияда эмгектенген калемдешибиз Азамат Төкөровдун пикирлери окурмандарыбыздын назарында… Учурда дин маселеси улут көйгөйүнө айланып турат, бул маселени канткенде чыр-чатаксыз жолго коёбуз? Канча жылдан бери эле дин таанытуу сабагын мектептерден баштоо керек деген демилгелер дамамат көтөрүлүп жүрөт, бирок аны жүзөгө ашыруу толугу менен колубуздан келбеди. Жаштардын көбү бүгүн диний сабатсыздыктан улам түрдүүчө агымдардын таасири астында калды. […]

Кесипкөй аялга күйөөнүн кереги жок, ойнош күткөнү жетет

Альфред КАПЮ (1858-1922), француз жазуучусу О, Кудай, мени бир каражандын кайгысынан куткарчы, жандүйнө кайгысынан өзүм эптеп кутулармын! * * * Өзүң да акыры бир акыйкатсыз иш кылганга чейин жашоодогу акыйкатсыз башка иштерге сабырдуу бол. * * * Кесипкөй аялга күйөөнүн кереги жок, ойнош күткөнү жетет. * * * Эгерде түгөйлөрдүн бирөө сүйүп, бирөө сүйбөсө баарынан жаманы ошол. Агер экөө тең бири-бирин сүйбөсө, андай никедегилер бактылуу болуп калышы да мүмкүн. Марсель ЖУАНДО (1888-1979), француз жазуучусу Акынга турмушка чыккан аял эң биринчи […]