Василий Бартольд: Кыргыздар

ТАРЫХЫЙ ОЧЕРК Биринчи басылышына алгы сөз Кыргыз элинин тарыхы боюнча очерк басып чыгаруу жөнүндө Кыргыз Автономия областынын Эл агартуу бөлүмүнө караган Илимий Комиссиясы тарабынан капкачан эле ойлонулган болучу. Мындай басылманы чыгаруунун зарылдыгы кыргыз элинин өз тагдырын өзү чечүүгө жетишкенден кийин өзүн өзү таанууга, билимге, атап айтканда, өз тарыхын билүүгө кызыгуусунун өсүшүнөн келип чыкты. Мындан тышкары, биздин илимий адабияттарда Орто Азиянын эң байыркы элдеринин бири болгон кыргыз элинин тарыхы боюнча системага салынган бир да эмгектин жоктугун Илимий Комиссия эске алган; түркологдор […]

Тыныстан АРЗЫБАЕВ: Кыргыздар IX-X кылымдын тарых булактарында

Араб адабиятындагы байыркы кыргыз уруулары жөнүндөгү эң алгачкы эскертүүлөрдү биз географ Ибн Хордадбехтен (IХ к.) кездештиребиз, анда алар тууралуу тогуз-гуздардын кошуналарын санап жатканда «хырхыздардын жанында түргөштөр, азкиштер, кыпчактар да айтылат»[1]. Ал-Истахри боюнча («Китаб масалик ал-мамалик») кыргыздар «тогузгуздардын, кимактардын, хазлажилердин океандары менен жерлеринин аралыгында» жашаган [2]. Башка жеринен биз Итил (сыягы Иртыш) дарыясы «мага маалим болгондой хырхыздардан (жеринен) агып баштайт» деген сөздү кезиктиребиз [3]. Фарсы котормосуна ылайык: «Ал эми Итил дарыясы кыргыз чектеринен агып чыгып, андан ары булгарларга жетип, буртастар ченде […]

Аман САСПАЕВ: Бүгүнкү кытай авторлору байыркы кыргыздар жөнүндө

Элүүнчү жылдары Үрүмчүдөгү «Эл басмасында» бирге иштешкен уйгур жолдошторум «Кызыл-Суу кыргыз автоном областы жөнүндө обзор» деген кытай тилинде бир китеп жиберишиптир. Китеп 1985-жылы жарык көргөн. Окуп көрсөм, кытай авторлору кыргыз областынын боштондуктан кийинки жалпы абалына кеңири токтолуп, кыргыздардын байыркы тарыхына да бир аз орун беришиптир. Байыркы кытай жылнаамаларына (летопистерине) таянып, кыргыздар жөнүндө эмнелер айтылгандыгына кызыгуучу окурмандар үчүн кыргыз тарыхына тиешелүү тексттерди которуп жарыялоону ылайык таптым. Байыркы гунндар менен түрк тилинде сүйлөгөн уруулардын тарыхын изилдөөчү окумуштуулардан кытай булактарына кайрылбаганы жокко эсе. […]

Олжобай КАРАТАЕВ: Кыргыз тектүү хотондор

Тарых илимдеринин доктору, профессор. ЖалалАбад облусундагы Сузак районуна караштуу ОртоАзия айылында 1963-жылы туулган. Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Кыргыз Улуттук илимдер академиясында жана Ж.Баласагын атындагы КУУда тарых факультетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти, профессору, кафедра башчысы, биринчи проректору болуп иштеген. У ч у р д а « М а н а с » Кыргыз-Түрк университетинин профессору. Тарыхтын өчпөс издери … Алар (хотондор) боз үйдү пайдаланышат, өздөрүн мусулмандарбыз … кыргыз тегиненбиз деп билишет. Б.Владимирцов Бүгүнкү […]

Адеп аңгемелери: Тарыхка, мурастарга мамиле

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Абдыкерим МУРАТОВ Мурда өткөндөрдүн өмүр кечирмелерин, турмуш жолун, калтырган мурастарын үйрөнүү, ошолордон үлгү алуу, алардын насаттарын пайдалануу – кийинки муундар үчүн өтө зарыл нерсе. Алдыга кетип аткан жолуңда сөзсүз артка бир кылчайып карап алуу зарыл, ошондо түз же кыйшык кетип баратканыңды сезип-туясың. Мындан туура бир кылым мурда Осмонаалы Сыдык уулу жазган: «өткөн калктардын алын билет. Кайсы коом кайсы уруктан, эмне өнөрү бар, эмне кесип менен оокат, тиричилик кылгандарынан, кандай дөөлөт (мамлекет) кандай балакеттерге кириптер […]

Тарыхтын тарыхы: VII–VIII кылым

Кыргыздардын Батыш Тянь-Шанга алгач келгени тууралуу маселелер тарыхчыларды, айрыкча, кыргыз таануучуларды такай кызыктырып келген. Бирок азыркы мезгилге чейин окумуштуулар IX–X кылымга чейинки кыргыздардын Батыш Тянь-Шанда жашагандыгын тастыктаган ишенимдүү далилдерди жана булактарды сунушташа элек. Жада калса бул маселенин тегерегинде илимий божомолдор дагы кездешпейт. Ошол эле учурда VIII–IX кылымда жана XI–XII кылымга чейин Кыргызстандын аймагында жашаган кыргыздардын кайсыл бир тобун тастыктаган тарыхый (жазма) булактар бар экендигин белгилеп кетүү керек. Кеп, Тан дооруна таандык (VII–X кк.) Батыш чектери түшүрүлгөн уникалдуу кытай картасы тууралуу […]

Казак ичине сиңип кеткен кыргыздардын таржымалы

XVIII кылымдын 60–70-жылдарында Казакстандын түштүк чек арасына тийиштүү маселелерди чечүүгө Абылайхан (1771–1780-ж.ж. хандык кылган) белсене киришкен. Анткени ушул мезгилдерде кыргыздар менен казактардын ортосунда чек ара маселеси өтө курч мүнөзгө айланган эле. Бирок бул маселелер узак убакыттан бери казакстандык изилдөөчүлөрдүн назарынан сырт калып келди. Анын башкы себептеринин бири — бул маселелер тек гана фольклордук даректерде айтылып келгендиктен, алар марксизм-ленинизм теориясына жатпагандыгына байланыштуу көз жумду мамиле жасоого аргасыз кылынган. Булар өзгөчө Кеңеш дооруна байланыштуу болгон. Жуңгар хандыгы жоюлары менен бир кездеги бул […]