Абдывахап Нурбаев: Мамлекет кызматкери тарых алдында жоопкерлигин сезсе…

Бүгүнкү маектешибиз Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев менен анын коом агартуу жаатында жүргүзүп келаткан иштери туурасында кенен маекти сунуштайбыз… Жетиген Асанбек: Сиздин коом үчүн кылган айрым иштериңиз, бирок аларды эч кимге жар салбай келатканыңыз тар чөйрөдө гана айтылып жүргөнүн билебиз. Сизди билген замандаштарыбызга суроо узатып, маалымат алсак, көрсө биз сиздин ишмердигиңиздин четин эле билиптирбиз. Жакшы иштерди кылууга сизге эмне түрткү берет? Абдывахап Нурбаев: Биздин эң негизги максатыбыз – адамдарды жамандыктан алыстатып, жакшылыкка чакыруу. Биз дал ушул максат менен жашап, балдарга […]

Турдукожоев кызмат үчүн кыргыз тил маселесин көтөрбөгөнүн айтты

Саналуу күндөр мурда публицист Жыргалбек Турдукожоевдин ЖК төрагасы менен Өкмөт башынын дарегине жолдонгон “Президент кол койгон ар бир мыйзамда ондогон, жүздөгөн каталар орун алууда” аттуу макаласын, андан соң КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н. Ишекеевге жазган Ачык катын жарыялаган элек. Бүгүн дал ошол маселе боюнча Жыргалбек Турдукожоевдин өзүн кепке тарттык… – Сиз мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башчысына, Жогорку Кеңештин төрагасына, Премьер-министрге жолдогон катыңыздан жооп болдубу? – Назаркул Ишекеевич өзү телефон чалып, улуттук комиссиянын ишинде көйгөйлөр […]

Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ: Терминкомду экиге бөлгөн эки сөз

Кеп орусча “защита” “оборона” деген сөздөр тууралуу жүрүп жатат. Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Рыскелди Момбеков бул эки сөз туура эмес которулганын белгилеген. Мыйзамдын кыргызча аты “Жарандык коргонуу”, орусчасы — “О Гражданской защите”. “Защита” деген сөз орусча да, кыргызча да колдонулушу (стилдик жана практикалык өңүттө алганда) жагынан “оборона” деген сөздөн айырмаланып турат. Мисалга “защита прав и свобод человека”, “социальная защита” жана “защита окружающей среды” деген түшүнүктөрдү алалы. Бул сүйлөмдөр Баш мыйзам баш болгон укуктук ченемдик актыларда, эл аралык […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Латын арибине өтүү зарылбы?

Редакцияда: Белгилүү зиялыбыз Абдыкерим Муратовдун бул демилгесин коомчулуктун талкуусуна салабыз. Себеби, автор жүйөөлүү маселени кабыргасынан коюп туру… Эртеби, кечпи – интеллигенция катмарынан бул маселени көтөрөр бирөө-жарымы чыгыш керек эле. Демилге көтөрүлдү… Тек, пикир жараталы, үн каталы… Агер биз алдыга өсүүнү кааласак, «талаштан тактык жараларын» эске алалы… Бул маселенин тегерегинде үн кошобузбу же четке кагабызбы – арийне, коомчулукка салынган бул демилге улутту ойлондурар олуттуу маселе экенин унутпайлы. Алдыда уланаар талкуулар илим-билимге жол издөөнүн аракети болууга тийиш. Андыктан «РухЭш» сайты бул темада […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Тантык болсо да таасын сөздөр

Уй сатылат. 4 бөлмөлуу (Кулактандыруудан). Уйдун телефону (Визиткадан). (“Уйдун номери” дегенди түз маанисинде туура эле түшүнүп жазган жокмун. Анткени окшош уйлар көп болсо номер коёт да. Ал эми “Уй сатылат” болгондо да “4 бөлмөлуу”, “Уйдун телефону” деген сөздөрдү кашайып түшүнбөй атпаймынбы. Ошентсе да азыркы заманда таң кала турган деле эч нерсе жок. Анткени техника укмуштуудай тездик менен өсүп-өнүгүп, ойго келбеген нерселер болуп жатпайбы. Мүмкүн уйлар деле телефон менен сүйлөшө баштагандыр). Музейге балдары, неберелери, байбичеси, бирге туруп, жүргөн адамдар коюлган (Редакцияга […]

Адеп аңгемелери: Тилге мамиле

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Абдыкерим МУРАТОВ Кыргыз эли – тилге өтө урмат менен мамиле кылган эл, анткени алардын жашоо ыңгайы жакынкы жылдарга чейин эле, азыр дале, бир топ бөлүгү көчүп-конууга ылайыкталып, ошол жаздоосу да, жайлоосу да, күздөөсү да, кыштоосу да адамдардын жамаатында, бири-бирине мамиледе өтүп, азыркыдай завод-фабрика, базар, телевидение, компьютер, радио, интернет дегендер болбогон соң эң негизги байланыш куралы – оозеки сөз болгон. «Жакшы бөзүң болбосо да, жакшы сөзүң болсун», «Жакшы сөз – жан азыгы», «Жылуу сөз жыланды […]