Олжобай Шакир: Кечээги темене канат акшумкарлар бүгүн алгыр куш

“Саргара жортсоң, кызарта бөртөсүң” Элдик макал. Ийгиликтин ээси көп деген ушу го. Бүгүн жалпы жамы журттун сыймыгы артып туру. А мындай сыймык, мындай ийгиликтин башатын жаратуу саналуу гана адамдын колунан келмек. Жалпы улуттук сыймыкты жаратуу бир адамдын деле колунан келерин айтылуу Аскар Салымбековдун мисалынан көрсөк болот бүгүн. Канча жылдап кыргыз футболун ирдентүү мүшкүлүн тартып келген жок. Анын кыргыз футболчулары дүйнөлүк аренада ат салышууга качандыр бир убакта мүмкүнчүлүгү болоруна чечекейи чеч болуп келгенин билебиз. А айрымдарыбыз муну кур кыялдай элестеттик. Ырасында, […]

Олжобай Шакир: Өз кадырыбызды качан көтөрөбүз, кыргыз!

Ит жылында кетирген итчилигибиз көп болду, бирок ага сөз короткум жок. Ийгилик жайын кеп кылып, изги ишке сөз арнагым бар. Жыл тогошор мезгили келип тургандан улам, “Изги иштерди аткарууга өзүм эмне кыла алдым, өзгөлөр эмне кылууда?” деген собол коюп көрсөм, жаратмандык иштерге келгенде жакшылыктын жарчысы аз болуп тургандай. Коомчулуктун көңүл чордонундагы уу-дуу кептер турмуш агымынын эң үстүндө ансыз да көбүрүп-жабырып сыртына чыгып турат экен, ал эми улуу сөзгө алынар саамалыктарчы? Көөнө кыргыздын байтактуу тарыхында жазма маданиятыбыздан ажыраган учурлар көп болуптур. […]

Эй! Вы там, наверху: Кыргыз билим берүү академиясы эне тилдин кусурунан коркпойбу?!

К.К. Жунушалиеванын, Р.А. Мырзаеванын жалпы билим берүүчү орто мектептердин 6-классы үчүн сунуштаган география боюнча окуу китебиндеги оркойгон каталар туурасында. Бул китептин кол жазмасына бир жыл мурун Жусуп Баласагын атындагы КУУнун география факультетинин адистери сын айтып, «оңдолууга тийиш» деген бүтүм чыгарышкан. Жазуу түрүндө да Кыргыз билим берүү академиясына кайрылышкан. Алардан “Сиздер айткан каталарды эске алдык, оңдолду” деген жооп келди. Бирок биз көрсөткөн каталар эч оңдоосуз чыккандыктан ал туурасында жазуу түрүндө Билим берүү министрлигине кайрылдык. Алардан да ушундай эле мазмундагы кат алдык. […]

Сулайман КАЙЫПОВ: Жомоктор – зoр эскeртүү

Бул жoмoк – зoр эскeртүү: aйрыкчa кыргыз сындуу aз элгe өз мeнeн жaттын, aлыс мeнeн жaкындын, туугaн мeнeн душмaндын aйырмaсын aнык билип жүрүү кeрeк дeгeн сөз; кaрa чaaр oк жылaндын бaлaсын туугaным дeп, кoйнунa сoймoңдoтуп сaлып жүрүп бaккaн бoлсoң, aл чoңoюп, oмурткaсы кaтыгaнда, oктoрулуп өзүңдү чaккaн бoлoр дeгeн сөз. Көөнө кыргыз бул жoмoкту, aндa aйтылгaн oйлoр бир күн кыргызыңa кeрeк бoлo тургaндыгын билип туруп, чычкaн тукумун кaнчaлык бaпeстeп бaксaң дaгы, aл жүрүп oтуруп, өзүнүн чычкaндыгынa бaрaрын, aл өзүнүн чычкaндыгы мeнeн […]