Франц Кафка: Чындыгында акын адам башкаларга караганда алда канча алсыз

Франц Кафка – немис жазуучусу, ойчулу, XX кылым адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Жазуучунун эмгектеринин көбү ал дүйнөдөн өткөндөн кийин жарыяланган. Анын көпчүлүк түшүнүүгө кыйын болгон чыгармаларында басымдуулук кылган темалар: обочолонуу, тынчсыздануу, күнөөлүү болуу сезимдери. Кафканы түшүнүү үчүн, Кафкадай ой жүгүртүү, сезим жана тагдыр керек… *     *     * Окшош дартка чалдыккан адамдар гана бири-бирин түшүнөт. *     *     * Жашоо дайым бизди алагды кылат; биз, атүгүл, эмнеден алагды болгонубузду да аңдабай калабыз. *     *     * Китеп биздин ичибизде тоңуп калган деңиз үчүн […]

Карлос КАСТАНЕДА: Өзүңдү таанууга даярсыңбы?

Карлос Кастанеда – америкалык жазуучу жана антрополог, этнограф, ойчул, яки уруусунан чыккан индееци дон Хуан Матустун окуусу жөнүндөгү 12 томдук бестселлер-китептердин автору. Философия жана антропология илимдеринин доктору. Кастанеданын бул китептери убагында эл арасында зор кызыгууну туудурган. Өзүн өзү таанып-билгиси келгендер үчүн табылгыс баалуу китептер. Карлос Кастанеданын окуусун бир түрдүү кабыл алуу мүмкүн эмес жана аны баары эле түшүнүп, аңдап-биле бербейт. Анын дон Хуан Матус жөнүндөгү китеби миллиондогон тираж менен дүйнө элине тараса да, анын нукура маңызын алиге түшүнүп жетүүгө мүмкүн […]

Жапондордун акыл казынасынан: Миң чакырымдык жол бир кадамдан башталат

Жапониянын маданияты башкалардыкына окшобойт. Жапон эли акылман калк, алар табигат жана курчап турган дүйнө менен шайкеш жашоону көндүм адатка айландырышкан. Ашыкча убаракерчилик, ызы-чууну сүйүшпөйт. Алар жадакалса көпөлөктүн канат кагышына чейин абай салып, чөптө жорголоп бараткан ар бир кумурскага кызыгуу менен карашат. * * * Шылтоо менен малаамды (пластырь) кай жерге болбосун чаптап коюуга ыңгайлуу. * * * Тойлошконго башкалар, кайгырышканга өзүңдүкүлөр келишет. * * * Ашыкча буюм – ашыкча убайым. * * * Жүрөктө жеңил болсо, басыгың да жеңил. * […]