Бакытбек уулу Кутманбек: Садык акемди аядым… (№30 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Саламатсыздарбы? Мен Сейитмин. Албетте, Кайсы Сейит дешиңиздер мүмкүн. Мен Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестиндеги Жамийланын кайниси Сейитмин. Анда сѳз башынан болсун. 12-декабрь күнү мектепте адабият мугалимибиз Дүйшөева Марзия эжеке “Жамила” повести боюнча жалаң балдар арасында конкурс ѳткѳрдү. Эмнеге дегенде азыр балдар китеп окубай койбодубу, ошого балдарды кызыктыруу максатында, ушул чыгарманы окутуп, кайра текшерди. Байге фонду 2500 сом экен. Конкурска катышайын деп, чыгарманы окудум. Чыгарманы окуп отуруп, не деген кыялдарга баттым дейсиң… акыры Сейит болдум да калдым. […]