Атантай АКБАРТЕГИН: Суу ордуна күлкүң сурайм өлөрдө

АРГЫМАК Ажалдан нечен куткарып, Бешик да болгон сынаакы, Аргымак бизде – кыргызда Кичи – Ата Мекен сыяктуу. Көк чапчып, жаны октолуп, Комуздай үнү шаңгырап, Өң түгүл мени түштө да, Азгырат ошол аргымак. Келет да окуранып ал, Ийниме жалы төгүлө, Колумду жыттайт жаныбар, Кадалып көзү көзүмө. Тизгинди каксам шарт анан, Титирей түшүп аргымак, Турнадай тизип мезгилди, Туяктан ала салдырат. Көгүчкөн болуп күлүктүн Көкүлү көккө талпынат. Ээрден жулуп кетчүдөй, Этектен шамал тарткылайт. Утурлай чуркап узун жол, Шилтенет буттар кылычтай, Түйүлүп күлүк муштумдай, […]