АУДИО: Лермонтов — катаал, кайталангыс акын

Михаил Лермонтовдун мүнөзү жана тили өлүмүнө себеп болгону гениалдуу орус акынынын өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдеген адабияттан улам маалым. Теги шотландиялык акын Кавказда аскер кызматын өтөп жүрүп, 27 жашында дуэлде өлгөн. 200 жыл мурда 15-октябрда орус акыны Михаил Лермонтов жарык дүйнөгө келген. Михаил Лермонтовдун “Биздин замандын каарманы” романы, “Мцыри” жана “Демон” поэмалары, Пушкиндин өлүмүнө арналган “Акындын өлүмү” кыргыз коомчулугуна мектеп курагынан тааныш чыгармалар. Ага атак-даңкты Александр Сергеевич Пушкиндин дуэлдеги өлүмүнө арналган ыры алып келет. Тагдыр экен, Лермонтов өзү да мүнөзүнөн таап, […]

Котормо: Орус классикасынан

Окурмандарыбызга Маскөө шаарында жашаган мигрант-мекендешибиз, Кыргызстан Жазуучулар союзунун Россиядагы филиалынын жетекчиси, акын Бактыгүл СЕЙИТБЕКОВАнын котормосундагы М.Ю.Лермонтов, А.Блок жана С.Есениндин ырларын сунуштайбыз… Александр БЛОК * * * Кимдер бөлдү экөөбүздү билбеймин. Күлкү чачкан көздөрүбүз жер тиктейт. Биз  жөнүндө  ак каралар  иргелди, Биз өткөргөн сүйүүбүздү ал билбейт. Эшик кагып тураар менин  элесим, Мени унутуу сага оңой болбостур. Тынчсызданбай баягыдай мага эчким, Мен да сени өз жайыңа коймокмун. Кайдасың деп чала албайсың сен мага, Мен да сага кечиктиң деп айталбайм. Телефонуң күндө кечте […]