Лев Толстой: Емельян малай жана добулбас

ЖОМОК Емельян бир кожоюндукунда  малай  жүрчү. Ал талааны аралай жумушка баратып, алдынан ыргып өткөн баканы көрө калды. Аз жерден басып ала жаздаган малай баканы аттап өттү. Күтүүсүздөн кимдир-бирөө анын артынан үн салгандай болду. Малай кылчайып караса, артында сулуу кыз турат да, ага берегидей кеп айтат: — Емельян, сен эмне үйлөнбөй жүрөсүң? — Мен кантип аял алмак элем, сүйкүмдүү кыз?  Менин болгонум ушул, эчтемкем жок. Эч кимдин мага тийгиси, турмушка чыккысы келбейт. Кыз Емельянды сүйүп калды. Ошондуктан: — Мага үйлөн, Емелья, […]

Лев Толстой: Тыйын чычкан менен карышкыр

ТАМСИЛ Тыйын чычкан бутактан бутакка секирип жүрүп, уктап жаткан бөрүнүн үстүнө кулап түштү. Карышкыр ыргып тура калып, аны жемек болду. Тыйын чычкан жалына баштады: — Мени коё берчи… Карышкыр: — Макул, сени бошотоюн, бирок сен мага муну айт: эмнеге силер, тыйын чычкандар ушунчалык шайырсыңар? Мен үчүн убакыт дайыма көңүлсүз. Силерди карасам, өйдө жакта ар убакта ойноп-күлүп, секиргениңер секирген. Тыйын чычкан: — Адегенде мени даракка коё бер, ошондо айтам. Болбосо, сенден корком. Карышкыр аны коё берди. Тыйын чычкан бутакка чыкты да, […]

Лев Толстой: Козу карын жана эже-сиңди (конкурска №41)

АҢГЕМЕ Эки кыз козу карын көтөрүнүп, үйлөрүнө баратты. Алар темир жол аркылуу өтүшү керек болчу. Эже-сиңди от арабаны алыс жакта деп ойлошуп, шагылды тебелеп, темир жолдун үстү менен жол улашты. Капыстан машина гүүлдөдү. Кыздардын улуусу артка качып, кичүүсү жол аркылуу  чуркап өттү. Эжеси: — Арт жакка баспа! — деп тынчсызданып, сиңдисине үн катты. Бирок, катуу келаткан от араба өтө жакындап калган болучу.  Кичинекей кыз анын ышкырыгына көңүл бурган да жок: ал “артка качууга буйрук берип жатышат окшойт”- деп ойлоду. Темир […]

Лев Толстой: Падыша жана көйнөк (конкурска №40)

Жомоктор Ооруга чалдыккан  падыша мындай жар салат: — Мени айыктырган кишиге жарым падышалыгымды беремин. Акылмандар чогула калышып, падышаны кеселден айыктыруунун жол-жобосун издешет. Бирок, анын ыкмасын эч ким билбейт. Падышаны  сыркоодон арылтуучу кеңешти  бир гана акылман  табат. — Эгер бактылуу адамды издеп таап, анын көйнөгүн падышага кийгизсек, ажобуз оорудан азат болот, — дейт ал. Падыша бактылуу кишини издөө үчүн  өз амирине  караган туш тарапка  элчилерин жөнөтөт. Бирок, элчилер бакты-таалайлуу пендени узак убакыт  бою издешкени менен андан майнап чыкпай, мээнети талаага кетти. […]

Жанара Каденова: Айтматов жана дүйнөлүк алп жазуучулар

“Сени тааныгандар жашап жатканда, сен тирүүсүң”. Бул сөздөр заманыбыздын залкары, гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматовго таандык. Жазуучунун көзү өтсө да, анын чыгармалары дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып, адабият сүйүүчүлөрүнө руханий азык, руханий дөөлөт тартуулап, жалпы окурмандардын жүрөгүнө руханий пайдубал болуп келет. Адабият алпы көзү тирүү болгондо ушул тапта 90 жашка чыкмак. Ушундан улам анын дүйнөлүк адабият айдыңындагы тилектеш калемдештери менен алакасы туурасында баяндап бермекчибиз… Үмүт менен кайгы, сүйүү менен кусалык, сагыныч менен күтүү… Мына ушул руханий баалуулуктар адамдын адам болуп калыптанышында эбегейсиз […]

Лев Толстой: Балалыктын батылдыгы (конкурска №22)

АҢГЕМЕ — Өлтүргүлө!.. Атып таштагыла! Ушул жерден эле бул акмакты жайлагыла!… Өлтүргүлө дейм!.. Бул канкорду мууздап салгыла!.. Өлтүргүлө!.. Өлтүргүлө!.. – жарлаган элдин арасынан эркек-катындардын үндөрү тынбай жарылдап жатты. Калың эл байланган кишини көчө менен алып келатышкан эле. Ал бойлуу киши денесин түз кармап, бекем кадам шилтеп, башын бийик көтөрүп баратты. Келишимдүү жүзүндө тегеректеген элди жек көрүп турганы даана көрүнүп турду. Ал эл менен бийликтин кагылышында бийлик тарапта эле. Аны колго түшүрүп, өлтүргөнү аянтка алып баратышкан. “Эмне кылыш керек, ыя? Ар […]

Лев Толстой: Оюн-зоок кечесинен кийин (конкурска №11)

АҢГЕМЕ — Мына сиздер, адам өз алдынча эмне жаман, эмне жакшы экенин дурустап ажыратып биле албай, бардыгы курчап турган чөйрөгө жараша, адамдарды чөйрө өзүнө ылайыкташтырып өзгөртөт деп жатпайсыздарбы. А менимче, бардыгы турмуштагы жагдайларга байланыштуу болот. Эмесе өзүмдүн жашоомдон бир аз айтып берейин. — Биздин ортобуздагы, жеке адамдын өсүп-өнүгүшү үчүн, эң алгач ал жашап турган чөйрөдөгү шарттарды өзгөртүү керектиги жөнүндөгү талашыбыздан кийин, баарыбыз сыйлаган, кадыр-барктуу адамыбыз Иван Васильевич сөзүн ушинтип баштады.   Чындыгында, эмне жакшы, эмне жаман экенин өз алдынча эч ким […]

Лев ТОЛСТОЙ: Ишеним жөнүндө насыйкат

(«Жашоо жолу» аттуу чыгармасынан) 1.Адамга жакшы жашоо үчүн, ал эмнени жасашты жана эмнени жасабашты билиши керек. Ал эми аны билиш үчүн ишеним керек. Ишеним — бул адам деген ким жана ал бул дүйнөдө эмне максат менен жашап жүргөнүн билүү. Мындай ишеним ар бир акыл-эстүү адамда болгон жана боло берет. ЧЫНЫГЫ ИШЕНИМ ЭМНЕДЕ 2.Адамга жакшы жашап өтүш үчүн, жашоо деген эмне жана бул жашоодо эмнени жасаш керек, эмнени жасабаш керектигин түшүнүш керек. Байыртадан, бардык элдерден чыккан акылмандар ушинтип окутуп келишкен. Бардык […]

Лев Толстой: Кристалдар

Эгер сууга туз салып аралаштырса, туз эрип көрүнбөй калат. Туздан дагы салып аралаштырса дагы эрийт. Ушинтип улам үстүнө туздан кошуп бара берсең, акырында эригени токтоп, сууда ак порошок болуп туруп калат. Суу тузга каныкты, эми башка эрите албайт. Бирок сууну ысытса, муздак сууга эрибей турган туз да эрийт. Эгер тузду улам кошо берсең, жанагыдай болуп эрибей туруп калат. Андан катуулап ысытсаң, суу бууланып, туздун өзү гана калат. Сууда эриген заттардын ар бирине, андан ары эритүүгө мүмкүн болбогон чеги бар. Ал […]

Лев Толстой: Токойдо жамгыр алдында калганым

АҢГЕМЕ Кичине бала кезимде козу карынга жиберишти. Токойго жетип, козу карын терип бүттүм. Эми үйгө кайтайын дегенимде бир заматта эле  асман алай-дүлөй караңгылап, күн күркүрөп, жамгыр башталды. Коркуп кеттим. Бир бай түп эмендин алдына корголоп отура калдым. Чагылган ушунчалык катуу чагылды. Көзүм караңгылап, ооруганынан улам жума калдым. Үстү жактан карс-курс үн чыгып, анан башыма  бир нерсе тийгендей болду. Жыгылып түштүм. Ошо бойдон жамгыр басылганда гана турдум. Өзүмө келип карасам, токойдогу дарактардын баарынан суу тамчылап атыптыр. Куштар сайрап, күн күлүңдөп туруптур. […]

Лев Толстой: Дарактар дем алышат

АҢГЕМЕ Баланын табы жок эле. Аласатып, урунуп атып эле тынчып калды. Энеси уктап калды деп ойлогон. Караса дем албайт. Ыйлай баштады да, чоң энени чакырып айтканы: — Карачы, балам өлүп калыптыр. Чоң эне: — Ыйлаганга шашылбай, коё тур, мүмкүн өлбөй эле жаны тынч алып тургандыр? Оозу-мурдуна күзгүнү жакындатып көрөлүчү. Эгер күзгү тердесе, демек, дем алып атканы, тирүү. Күзгүнү мурдуна жакындатышты эле, күзгү бозоруп тердеп кетти. Бала тирүү эле. Улуу Орозо айында күн жылымдап турган менен кар текши кетпей, кайра суук […]