Лев Толстойдун тарбиялык тамсилдери

Маймыл жана буурчак Маймыл бир кочуш буурчак алып келе жаткан. Бир кезде бир буурчак жерге тоголонуп кетти; маймыл аны эңкейип алам деп дагы жыйырма буурчагын түшүрүп алды. Аларды терем деп буурчагынын теңинен көбү дагы чачылды. Жини келген маймыл колунда калган буурчактын баарын чачып жиберип басып кетти. Ит жана ашпозчу Ашпозчу түшкү тамак бышырганга камданды; ит ашкананын алдында аны карап жаткан. Ашпозчу музоо союп, ичеги-карынын итке таштады. Ит тоюп алды да, ойлоп койду: – Ашпозчу мыкты экен. Тамагы аябай даамдуу. Көп […]

Лев Толстойдун тарбиялык тамсилдери

Карышкыр жана мергенчилер Карышкыр бир койду жеп салды эле, койчулар карышкырды кармап сабай башташты. Карышкыр аларга кайрылды да: – Мени эмне кыйнайсыңар… Өңүм көк болгону үчүнбү? Анда койчулар мындай дешти: – Сенин өңүң көк болгону үчүн эмес, койду жегениң үчүн жазалап жатабыз. Ичке жиптер Бир алам токуучуга ичке жип ийирип берүүсүн суранды. Токуучу ага ичке жип ийирип берди, бирок ал ага ыраазы болбой мындай деди: – Бул жип мага анча жакпай калды, мага мындан да ичке жип керек. – Эгерде […]

Лев Толстойдун тарбиялык тамсилдери

Ийнелик жана кумурскалар Күзүндө кумурскалар кышка деп чогулткан буудайларын жайып, кургатып жатышкан. Аңгыча ачка ийнелик келип, алардан бир аз эгин сурады. — Жайында тамак-аш чогултуп албай эмне кылып жүрдүң?— деп сурашты андан кумурскалар. – Жайында күндө ырдап жүрүп колум тийген жок. Анда тигилер күлүп мындай дешти: – Жайлата ырдасаң, эми кышында бийлеп чык. Жумушчу аялдар жана короз Кожойке жумушчу аялдарды дайыма короз чакырганда ойготуп жумушка салчу. Уйкулары канбаган аялдар корозду союп салууну чечишти. Соёрун го союшту, бирок өздөрүнө мурдагыдан да […]