Роза Отунбаева: Өлкө тагдырын бүгүнкү балдарыбызга калтырып кетебиз

  2030-жылга карата өнүгүүнүн глобалдуу күн тартиби БУУга мүчө болгон өлкөлөрдүн алдында туруктуу өнүгүүнүн 17 максатын коёт, алардын ичинде бардык чөйрөдөгү жакырчылыкты кыскартуу жана жоюу биринчи максат болуп саналат. Өткөн жыйырма жыл ичинде Кытайда кажыбаган эмгек менен жаратман ири программалардын натыйжасында жакырчылыктын кучагынан 600 миллиондон ашуун адамды сууруп чыга алышты. Партия менен өкмөт 2030-жылга чейин калган 70 миллион адамдагы жакырчылыкты жоюуну милдет катары коюуда. Дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн бири  — Бангладештин жакырчылыкка каршы талыкпай жүргүзүп жаткан күрөшү таң калтырат. Акыркы жыйырма, отуз […]