Турсунбек АКУН: Келечектеги өмүрлүк жарым Гүлмирага кантип үйлөндүм

Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун өзүнүн кичи мекени туурасында  китеп жазууга камынган кербези экен. Автордун айтымында, балалыгынан баштап саясый турмушка аралашкан өмүр таржымалы да сүрөттөлмөкчү. Учурда бул эмгеги басмага даярдалып жаткандыктан, азырынча «РухЭш» сайтынын окурмандары үчүн автордун өтүнүчү менен айрым урунттуу учурларын жарыялоону эп көрдүк. Арийне, Турсунбек мырзанын жазгандарын эч бир оңдоп-түзөөсүз жарыялоону туура көрдүк… * * * 9-10-декабрь күнү 1981-жылы келечектеги өмүрлүк жарым Гүлмирага үйлөнгөнүм. (Мен бул эскерүүнү 2017-жылы 9-декабрь күнү үйлөнгөнүбүзгө туура 36 жыл болгондо жазып жатам). Мен […]