Атантай АКБАРТЕГИН: Алтын тактан артыксың маа, махабат!

КАЛАА КЫШЫ Муз жайпап калган бул калаа, Муздаткыч өңдүү туюлат. “Ичий!..” — деп дарак калч этсе, Ийниңе кары куюлат. Кар толгон өңдүү оозуна каргалар бакта унчукпай, Түн илкип барат көчөдө, Түнөксүз калган мышыктай. Өтүксүз калып жаш жары өкүнсө бирөө кысылып, Кайкалап “мерсте” баратат, кайдыгер бирөө ышкырып. Автобус ээрчип жылса жай, араңжан калаа куюну. Ташталган сойку көзүнөн , тап берет кыштын суугу. Али биз жашап көрө элек, Ак мармар үйдү туурдаган, Майпаят изи иттердин, Мантыдай желбей муздаган. Кайырчы, жетим балдардын көзүндөй […]