Бейшебай Усубалиев: Чал, Макаренко, аял

АҢГЕМЕ Алар экөө болучу. Кайдан, бир автобус толтура эл эмес беле!.. Жок, алар экөө эле болучу. Биринчиси — чал, экинчиси — жигит. Жигит бир аз кечигип келди. Автобуска энтеңдеп шашып-бушуп түштү да, карбаластап чөнтөгүн оодара баштады. Кейпи, белетин таппай жатты көрүнөт, элдин баары эле аны карап тургандай туюлду, боргулданып тердеп да кетти. Жигиттин ыңгайсыз абалда калганын байкадыбы, алды жакта олтурган чал: — Кел, бул жерге олтура бергиниң. Ээси келсе, бээсин берерсиң. Болбосо, сенин ордуңа деле олтурар, баары эле бирдей эмеспи,— […]