«РухЭш» сайты прогрессчил көзкараштагы интеллектуалдардын альянсын түздү

Туруктуу окурмандарга сайтыбыз рухий багыттагы коом агартуу ишин улантып келатканы дайын. Мындан ары да ушул багытта ишибизди уланта берүү максатында эки курамдан турган редакциялык кеңеш жана редакциялык топ түздүк. Сөздү адегенде редакциялык кеңештин озуйпасынан баштайлы: бул топко негизинен ар дайым туруктуу позицияны карманган, кайсы бир саясый топко жан тартпаган жана эч бир саясый партияга мүчө болуп кирбеген, калыс сөзүн тайманбай айтып, ар дайым улуттук баалуулукту жогору койгон инсандар кирди. Арийне, Совет мезгилинен бериге карай калыптанган интеллигенция катмарынан бирин-экини гана өз […]

Биздин айтар сөзүбүз бар: Эже-сиңди деланилердин биринчи жүз жылы    

Сара Делани, А.Елизабет Делани, Эми Хиль Харт   Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу I-БӨЛҮК Ажайып Сэди Падыша Бэсс Экөөнүн тең жашы жүз жаштан өйдөдө. Сара (Сэди) Делани жана бир тууган сиңдиси  Анни Елизабет (Бесси) Америка тарыхынын карт күбөлөрүнөн. Алар Жарандык Согуштан кийин алдыга суурулуп чыккан өлкөдөгү белгилүү ынды кара үй-бүлөлөрдүн тирүү жүргөн эң кары мүчөлөрүнүн бири да.   Мындай чоң ийгиликке мынчалык кыска мөөнөттө аз гана адамдар жетишкен. Эже-сиңдилердин атасы Генри Биед Делани кулдардын үй-бүлөсүндө туулган, бирок ал акыр […]

Назым ХИКМЕТ: Үч жигит жөнүндө жомок

Менин уулума биринчи жомок Балам, бар экен, жок экен, дүйнөнүн үч жак четинде, бири биринен алыста, бир курактагы, бойлору да тең үч жигит жашаптыр. Дүйнөнүн үч жак четинде, бири биринен алыста жашаган жигиттер эч качан бири бирин көрбөптүр жана бири бири тууралуу угушпаптыр дагы. Балам, дүйнөнүн үч жак четинде жашаган жигиттер бир жылда, бир күндө жана бир саатта туулган журтун калтырып, Өлбөстүктүн ташын издеп жөнөшөт. Укканга караганда, алар Өлбөстүктүн ташы эчендеген тоолордун жана өрөөндөрдүн ары жагындагы кан толгон кудуктун ичинде […]

Ынтымак жөнүндө притча: Кебете кешпир кеп эмес

Радханатха Свами Нараян Прасадан сураптыр: – Өлкөдө индуизм менен ислам ортосунда карама каршылык курчуп турса да, арийне сиз бөлөк-бөтөн ишенимде жүргөндөргө абыдан урмат-сый менен мамиле кылганыңыз кандай? Нараян буга таңгалыштуу жооп бериптир: – Ит өз кожоюну кандай кийинип алса да тааныйт. Мүмкүн чапанчан болобу, галстук байланып, костюм кийеби же жылаңач жүрөбү, ит өз ээсин ар дайым сезет. Агер биз башка диндин чапанын кийип алган өз кожоюнубуз – сүйүктүү Кудайды тааныбасак, анда биз иттен да жаман пендебиз. (Вайшнав притчасы) ЫРАКАТТЫН ДААМЫ […]

Сынакка: Мен келечекте кинорежиссер болгум келет

№11 Улам чоңойгон сайын ар бир өспүрүм болочогу тууралуу кыялданып дагы, кооптонуп дагы ойлоно баштайт экен. Мен кичинекей кезимден эле китептерди, жомокторду окуганга абдан кызыкчумун. Жомоктордун түрдүү каармандары менен чоңойдум. Менин китепке болгон кызыгуумду байкаган атам залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 8 томдугун сатып берди. Мен анда жетинчи классты аяктаган учурум эле. Жайы бою каникулда Айтматовдун көп чыгармаларын окуп чыктым. Каармандардын кубанычына кубанып, кайгысына ыйлаган күндөрүм болду. Айрыкча күйөөсүнөн, үч баласынан, келининен айрылып жалгыз бой калган Толгонайдын тагдыры абдан кейитти. Абдан […]

Мукебиз эл багар эле

Эх, замандаш! Мукем экөөбүз айылдаш болгондуктан ымалаш элек. Андыктан элге бала кезден берки турмушун учкай кеп кылгым бар. Бир үйдө беш эркек баланы тарбиялаган Жумаш эже жалгыз бой жан эле. Балдары: Жолдошбек, Эмилбек, Мухтарбек, Самарбек, Нурлан биринен бири өткөн шок болчу, баары бир айылды чаңызгытып чоңоюшту. Булардын арасынан Мукем гана эрте токтолуп, идиректүүлүгү мектептен эле көрүнүп, эрте жетилди. Биздин айылда бир да түтүн орус жашабаганы менен Мухтардын орус тилден камчы салдырбай жалаң “5” деген баага окуганын эжем Анара үйдө көп […]

СЮН-ЦЗЫ: Билимди өмүр бою алып, аны акыркы дем үзүлгөнгө чейин ула!

ДИЛАЗЫК Тоонун туу чокусуна чыкмайын, асмандын чексиз бийиктигин түшүнбөйсүң. Капчыгайдын уч-кыйрына көз чаптырганда гана кара жер кабат-кабат калың экенин аңдайсың. Ата-бабанын осуятын билмейин, илим-билимдин жолу оор экенин баалабайсың. * * * Иймеңдеген сөөлжандын курч тырмагы, курч тиши жок. Боюнда булчуң эт же бир сөөгү болсочу. Ошондо да ал жер үстүнөн азыгын таап жеп, жер астындагы сууну ичет. Себеби ал дайыма соймоңдогон кыймыл аракетте! Бөйөн болсо кыпчуурдай эки колдуу, сегиз буттуу. Сөөлжанга караганда бөйөндүн жөлөп-таянчу буттары, колу бар үчүн тынчы жок. […]