«РухЭш» жана «Кереге кеңеш» фонду молдокелер менен прогрессчил күчтөрдү орой көз чарай кепке чакырат

Кыргыздын ич ара ыркы кеткен заманда ырылдашып жашап атырбыз, бурадар! Исламчы, теңирчи тирешине жол бербей, канткенде орток пикирге келер экенбиз?.. Сырттан келген диний таасирлердин агымы көөнө кыргыз тукумун бирине бирин каршы тирештирип аткан жокпу? Ислам менен теңирчилик тирешинен жалпы жыргыз жамааты эмнени утат? Жок, кайра-кайра жок! Мындан эч кимиси эч нерсе утпайт, кыргыз өзүн өзү жутат! Андыктан диний чөйрөнүн таасирдүү таксырлары менен прогрессивдүү көзкараштагы интеллектуалдар чөйрөсүн баарлашуу аянтчасына чакырууну максат кылдык. Бул демилгени уюштурууну «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир менен […]