Максим Горький: Жазгы күүлөр

(Фантазияланган аңгеме) Менин бөлмөмүн терезесинен аркы бакта турган акация жыгачынын сыйда бутактарында таранчылар аркы-терки секирип, кужу-кужу сүйлөшүп жатышат; коңшулаш үйдүн төбөсүндөгү аттын сүрөтүндө отурган кадырдуу карга таранчылардын өз ара сүйлөшкөнүн угуп, керилип-чоюла башын улам ийкеп коёт. Күндүн шооласы сиңген жылуу аба менин бөлмөмө ар бир дабышты жеткирип турат,— мен мында булактын шашылып аккан шылдыр-шулдур үнүн да, бутактардын акырын шырп эткенин да үзбөй угуп, тереземдин сырткы кырындагы кептерлер эмне жөнүндө күкүлдөп жатканын жакшы түшүнөм; ошентип, менин ичиме аба менен кошо жаздын […]

Максим Горький: Сокурлар жөнүндөгү ыр

АҢГЕМЕ Жайкы күндөрдүн биринде кечке жуук шаардын чет-жакасындагы ийри, кууш көчөлөрдүн эскилиги жете чирип бараткан кичинекей үйлөрүн аралап жүрүп, араккананын ачык турган эшигинен баш бакканымда андагы толуп алган элдин тынч отурганын көрө аң-таң болдум. Полу кыйшык, потологу салаңдаган кичинекей бөлмөдөгү араккананын ичин карап, ымыртка аралаш чачы үрпөйгөн баштарды, куру жок чыт көйнөктөрдү, эски кепич салынган жылаңайлак буттарды көзүм чалары менен бурчтагы столду айлана курчап беш-алты кишинин топтошуп отурганын көрдүм. Алардын бири корулдаган жоон үн менен сүйлөп: — Ал эми биздин […]

Максим ГОРЬКИЙ: Эрмек үчүн

АҢГЕМЕ …Коюу, боз түтүнүн буркуратып, жүргүнчүлөр поезди ыраакы талаадан, деңиздей көйкөлтүп саргарган эгиндин арасынан, килейген ажыдаарча сойлоп, көрүнбөй калат. Жапжалгыздыгы менен адамдын ичин бышырган кичинекей темир жол станциясы бар ээн, кең талаанын көңүл кош жымжырттыгын бир нече минутага бузуп, поезддин шарактаганы ымшыгын ысык абада анын түтүнү менен кошо жок болуп кетет. Поезддин күрүлдөгөн, бирок тиричиликке байланыштуу табышы тарап, чайыттай ачык асмандын астында тынып калганда, станциянын айланасы кайта дагы жымжырт болуп, адамды бук кылат. Талаа – алтындай сары, асман – көпкөк. […]