Манас КАЗАКБАЕВ: Түшүнүк

АҢГЕМЕ Биздин турган колхоз колотко отурукташкан беш-алты айылды бириктирип турат. Орто аралыгында дүкөнү бар. Атам ошондо иштейт. Үйүбүз андан алыс болгондуктан, таң ата жумушуна жол тарта турган. Кээде мен да кошо ойгоном. Айылдын башына чейин бирге учкашып барып, узатып келчүмүн. Ушинткенимди жактыра турган. – Салпактатып эмне кыласың муну?» – деп апам түшүнбөй айтып калганда: – Тим кой баланы, сергек болсун, – дечү атам. – Таза аба көңүлүн сергитет… Бөлөгүн айтпаганда да, менин таза абаны жутушума чейин кам көргөн атамы абдан […]

Манас КАЗАКБАЕВ: Борбаш

АҢГЕМЕ Күлгө дымдалган коломтонун оттору шамалдын эпкини алдында жылтылдаган учкундарды тараткан сыяктуу, бүркүтчү Карабайдын аңгемелери Ормотойдун сезимине жаңы ой, жаңы тилек учкундарын пайда кылды. Кандай айла кылып болсо да канаты бар бир кушту тирүүлөй кармап алып, үйрөткүсү келди. «Бүркүттүн балапанын тапсам» дегенде «эки көзү төрт болду». Бирок бүркүт дегениң, тээ тоодогу зоодо болот эмеспи. Ал жакка атасы менен энеси балээни жибереби, бөөдө жем болосуң деп коркоор. Чын эле балапанына кол салсаң бүркүт карап турбас, курч тырмактарын сапсайган башына матырып алып: […]

Алым Токтомушев таап чыккан мурастардан

Жарды, жалындуу, бактылуу, таланттуу жаштар эле. Көбү кетип, азы калды. Азы көч арасында жүрү, көбү жер алдында чиренип уктап жатыры. Ошондой тура, бири кетип, бири калат экен. Үрккөн таранчыдай «пыр-р» этип учуп, «дүр-р» этип ушул жерге конуп калгандай жандар эле. Ушул жер дегенибиз – азыркы Орто-Сай базарынын күн батыш ыптасы. Азыр тогуз кабат үйлөр турбайбы, ташказанын салаңдатып. Ошолордун ордуна бир кезде, алаңгар 60-жылдын акыр ченинде ийреңдеген-мийреңдеген көчө түшкөн. Бири-биринен кыйынсып, кырданып моюн созгон үй жок, топурактан салынып, толь менен жабылган, […]