Күмөндөр Абылов: Манас кыргыз болбой, калмак болуп калабы?!

1-бөлүк Айрым куудулдарыбызга ырас даяр сценарий болуп, саясатыбыз сатирадан айырмаланбай барат. Атаганат, күлүп эле калбай, саясаттын “сатирасынан” коом жапа чегип атканы жаман болуп атпайбы. Мындай жагдайда ден соолуктун мүлкү болгон өнөр адамдарынын ой-пикирин угуп, окурмандарга тартуулоо үчүн, КР Эл артисти, куудул, обончу Күмөндөр Абыловду “Сармерден саябанына” конокко чакырдык. Жетиген Асанбек: Жакында болуп өткөн ШКУ саммитиндеги галаконцертке чакыруу алып, көрүп келген экенсиз. Эмне кызыктар болду? Күмөндөр Абылов: Саммитке келген 13 өлкөнүн президенттери, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, бийликтин өкүлдөрү, жазуучу, артисттер келишти. Артисттерге […]