Керээттүү кеменгер кетти

Айыл интеллигенциясынын эң алдыңкы өкүлү дээр мугалим эле Кеңешбек авабыз. Тарыхтан кеп кылса, талашка түшө албайт элек жанында. Көркөм адабиятты сөзгө алса, табитине сөз кайтара албай тыңшап угар элек кебин. Көңкү кыргыз көрөңгөсүн көлкүп айтчу, мөнгүдөй тунук мөртүн айтчу. Кара кыргыз тарыйкасын калпып айтчу, калкагар тоодон бийиктин артын айтчу. Не айтпасын – өзгөнү кепке курсант кылмайын жүрбөчү, өзүнүн да жарпы жазыла сүйлөчү. Келечекке ой серпкен кеменгер эле, керээттүү кебинин учугу тереңден эле, кайран! Борбор калаага каттап калса, «Айтыш» коомдук фондунун […]

Лао МА: Үй күчүк

Кытай адабиятынан Орусчадан которгон Назгүл ОСМОНОВА АҢГЕМЕ Ду мырза кайтыш болду. Мен бул жаңылыкты гезиттен окудум. Андан өлгөн кишинин сөөгү эбак жерге берилгенин да билдим. Топурак салууга катыша албаганым аянычтуу болду. Ду мырза менен коштошуу аземине анын илимий чөйрөдөгү көптөгөн достору барышыптыр. Алардан сырткары дагы бир маанилүү конок болуптур, ал маркумга гүлчамбар көтөрүп келген мамлекеттин жогорку бийлигинин өкүлү экен. Мен алапайымды таппай турдум. Ду мырза менин окутуучум болгон. Мен болгону анын миңдеген окуучуларынын бири болгон күндө да мен анын тажиясына […]

Шум ажал алдында Будда, Христос, Мукамбет, Сократ, Конфуций, Салижан да алсыз экен

Жетиктик Эстесем, Салижанды билгениме элүү жылдын чамасы экен. Мектепти бүтүргөн соң университетке тапшырганы шаарга алгач келгенбиз. Бишкек калаасында Ж.Бөкөнбаев атындагы китепканада айылдаштар жолукчубуз. Бир жолу китепканада акындар менен жолугушуу өттү. Шаардагы мектепти жаңыдан бүтүп жаткан чепилдеген баланын талтөөндөй зирек ойлоруна, сынына, билим дареметине көңүлүм толгон. Аны кийин сурамжыласам жаш сынчы Салижан Жигитов экен. Бир-эки жыл өткөндөн кийин Салижан менен университетте дайыма көрүшүп жүрдүк. Анын сөзүн укканга куштар болгондор көп эле. Ошо береги өзүнө тарткан өктөмдүгүн өмүр бою жоготподу. Элүүнчү жылдары […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Каралдым, тоолор…

АҢГЕМЕ Мээркан терезеден кулпуну тапты. Анын каралаары. Экөөнө эзелтен бери бир үй тең. Нөөмөттөшүп, жалпак боз тамды күзөтүшөт. Уясынан учкан кушка окшоп, Мээркан кетип калат. Өчөшкөнсүп күн-түнү менен жоголот. Анда кезек ошо нес кара кулпуга тиет. Бүгүн да жалпак там ошонун карамагына калмакчы. Мээркан там бооруна дит бакты. Саймасынын өңү өчүңкү туш кийиз бетинен саргайыңкы сүрөт жоодур тиктейт. Сарбагышы! Мээркан ага сызыла муңканды: «Менин Сарбагышым! Сарым!.. Мендей сары чөптүн жааны! Менин тоомдун чагылганы! Менин кокуюм!..» Кетээринде үй ичин бир сыйра […]

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Көз

АҢГЕМЕ Баш кошуп, түтүн булатып, эки бакыр, бир тукур болуп жашай баштагандарына үч жылдын кары жааган бир кечте үйүн, үйүндөгү алданедей акнике аялын таштап баса берди ал. Анда-санда бир келген жакшылыктай жарк этти да, ошол бойдон кабар-отсуз жок болду. Келин сүйгөн жарын үнсүз күттү. Күнүн түнгө, түнүн күнгө алмашып күттү. Аккан жаштын дайрасында ала салып, же агып өлалбай, же чөгүп өлалбай, карагаттай каректерин кайра-кайра кароол кылып, кайыңдан өң-келбети кажыганча, кайгы-муңу карыганча күттү… Ойгонору менен келиндин кош кареги телмирген терезеден кулап […]

Өз жазасын алган кечил

Тай жомогу Монастрда жашаган кечил[1] болуптур, бетелди[2] абыдан жакшы көрчү дейт. Ал күнүгө кыштакта ким-бирөөнүн өлгөнү туурасында билип кел деп өз нөкөрүн[3] тызылдатып жүгүртчү экен. Анткени өлүк чыккан жерде анын шыбагасына бетель буюрчу дейт. Кокусунан бир дыйкан «Бүгүн ким өлгөнүн билип кел» деген кечилдин нөкөргө айткан кебин угуп калат. Дыйкан анан өз үйүнө келет да туугандарын жыйып, минтип турганы: – Кечилге көргүлүктү көрсөтпөсөм элеби. Анткени ал шүмшүк бетелге тоюнуш үчүн кыштакта ким өлгөнүн тиленет экен. Көрсө ага адам өмүрүнөн да […]

АЛИАББАС: Керооз кемпир

Алиаббас — 1957-жылы Нахичеван автономиялык областында туулган. Азербайжан мамлекеттик университетинин филологиялык факультетин бүтүргөн. Прозаик. Б и р н е ч е к и т е п т и н автору. «Йазы» адабий журналында иштейт. АҢГЕМЕ Байкуш кемпирдин бул ишемби күнү толук чычканды кармоо машакаты менен өттү десе болот. Кечке жуук көңүлү чөгүп, амалсыздыгы менен алсыздыгына көпкө кейип-кепчип жүрдү. Таң эртеде күндүн кулагы чыгар замат дароо керебеттин алдындагы тешикке капканын орнотуп, өзү шыпыргысын колго алды да чычканды жалпайта чабууга камданып турду. […]

Айзада АБАЗОВА: Тикенек гүлү

АҢГЕМЕ (Бул аңгемемди 20 жылдык бүтүрүү кечебизге арнадым). Автор Тикенектин өз аты Тилек. Тикенек деп аны бир кыз айтып калды. Ата-энесинин ак тилек менен койгон Тилек аты Тикенек атка конгондон далай жыл мурун эле өчкөн. Ошол кезде эле аны «ок жылан» кичинекей желмогуз», «шайтанча» өңдүү түрдүү аты боло турган. Ал наристе кезинен ашкан тентек чыкты. Баладан башкача тентек бул баланын жоруктарын айылдагылар жомок кылып айтышчу болду. Коңшу-колоңдун тоокторун кукулдата жумуртка жыйнап, алар менен өтүп бараткан машиналарды койгулайт. Кычыраган кышта так […]

Эгемберди ЭРМАТОВ: «Уч, учуп кет, жерди ыплас унуткун!»

МЕНДЕГИ «МЕН» (Ыр түрмөк) I Жөлөп-таяр, жанын берер жан жолдош Адамың жок акак-талаада калдыңбы? Кыйын күндө сатып кетет жаман дос, Тең бөлүшпөйт азабыңды, кайгыңды. Ат көтөргүс арманың көп ичиңде, Сыр алдырбай, айгай салбай токтоосуң. Бир чөгүн суу бербейт бирөө ичерге Ойлойт: «Мейли алдан тайып жок болсун!» Чөкпө, жашып ойго өзүңдү алдырба! Өлүү дүйнө өлбөстүккө алпарбайт. Рухуңду көмүп салат тар жерге, Аркан менен жылбас кылып аркандайт. Көпкөк бийик асманың бар, унутпа! Ошол жакта сенин башат, угутуң. Көрпенделер камап койсо туюкка, Уч, […]