Ой көсөө: Кайрандардан калган сөз

Чынгыз АЙТМАТОВ, (1928-2008), жазуучу жана дипломат Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү. * * * Өмүрдүн чыныгы баркы – ишенимде, бактысы да ишенимде. * * * Умтулуу – бул чындыкка карай кеткен жол. Чындык да ошол жолдой башы жок, аягы жок. Бирок баардык жол чындыкка алып барбайт. * * * Шекспирден тартып Достоевскийге чейинки рух шаалары адамдагы адамдыкты издеген. * * * Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралу ойлонгондо, жалпы дүйнө тууралу акыл калчайсың. * * * Эгер […]