Марсел Исаков: «Жеңиш» орденинин тарыйкасы

Тарыхчылар белгилегендей 1943-жылы Кызыл Армиянын Сталинграддын алдындагы, Курскидеги жеңишинен кийин  Улуу-Ата-Мекендик согуштун бурулуш жылы башталган. 1943-жылдын күз айларынан баштап согуштун акырына чейин бардык фронттор боюнча Кызыл Армиянын үстөмдүгү орноп, гитлердик германия  стратегиялык демилге, басым жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Ушундай жагдайда мамлекеттин жетекчиси И.В.Сталиндин демилгеси менен урушта айрыкча жеңиштерге жеткен аскер башчы-полководецтер үчүн, 8-ноябрь 1943-жылы, СССРдагы эң жогорку аскердик орден “Жеңиш” ордени негизделген. Ордендин салмагы 78 граммды түзүп, 47 грамм платина, 19 грамм күмүш, 2 грамм алтындан жасалып, 16 карат брилиант жана […]