Самара НАСЫРОВА: Жанга тийген коңурук!

Хыр-хыр-хыр Күнүгө ушул абал!.. Же ал кетпеди бул үйдөн, же мен кетпедим! Экөөбүз аңдышкан жоодой болуп, бири-бирибизди көргөн кезде сүйлөшпөй да калчу болдук… Жаман көздөр менен тиктеше, ооз учунан бүлк эткизип саламдашкан болобуз… Бул жашоо дегениң кызык эле нерсе да!…Кыскасы, Маскөөнүн батиринде жалаң тууган-уруктар менен жашайбыз. Анчалык деле көп эмес, сиз ойлогондой… Саналуу гана адамдар!.. Сиңдимдин кичинекейи да бар, ал го эми бала… ооруп-сыркап калат, ынжыңдап кээ түндөрү ыйлап калат, баланыкы кечиримдүү, кечирбешке айлаң да жок, уралбайсың, сөгалбайсың дегендей… «Ыйлабай […]

Мекенибизге алыскы Маскөөдөн Кара-Суунун карлыгачтары кат жазды!

Кыргызстан эгемендүү мамлекетке өткөндөн баштап, элдин жашоо шарты өзгөрдү. Ар ким алы жеткен тирилигин кыла баштады, кимдир жер иштетти, кимдир алып сатарлыкка өттү, кимдир ошол кездерде талап тоноп рэкеттик кылса, да бирөөсү алдамайга өттү дегендей… Завод фабрикалар жоюлду, не деген ишканалар менчиктештирилип кетти, кен жер, алтындар чет элдиктерге сатылып, аайтор мындан бийликтегилер эле туйтунду. Эптеп нан таап жан бакмайга түштү кайран кыргыз. Чаар ала сумка үйдө отуруп бала багаар аялдардын жонуна артылды да, алар акчанын артынан кубалап комерсанттык кылып кетишти. […]