– Ийгилигиңиздин сыры эмнеде деп? – сурашыптыр. – Сабырдуулукта, – деген экен ал. – Кантип эле бир гана сабырдуулук болсун? Мен сизге бул ыкманын ишке жарабаган жактарын санасам, сан жетпеши мүмкүн… – деп таңкалат обол суроо узаткан адам. – Мисалы үчүн? – Мисал үчүн кырк тешик калбырга канчалык сабырдуулук менен суу тосуп турсаң да, толбогонучу… – Жаңыласыз, сабырдуулук менен кышты күтсөңүз, кырк тешик калбырга да сууну оңой олтоң толтурууга болот, – дейт кичи пейил бай. Төмөндө, байгерлик менен жакырчылыктын энергиясынын […]