Салижан Жигитов Назым Хикметтин чыгармачылыгы туурасында…

Анын ысмы биздин кылымдагы ашкан атактуу акындардын ысмына тең барабар турат. Демейде улуу кишилер көзү барында улуу деп айтылбайт. Назым Хикмет болсо тирүүсүндө эле түрктүн улуу акыны деп айтыла берчү, андай деген сөз эч кимге өөн учурачу эмес. Атүгүл элдешпес кас душмандары да анын ченебеген акын экенине шек келтире алышкан эмес. Ушуга байланыштуу бир кызык факт айтылып жүрөт. Турция монархиялык түзүлүштөн республикалык түзүлүшкө өткөндө туңгуч президент болгон Кемаль Ататүрк бир кайла прогрессивдүү саясий ишмер болсо да, коммунисттик идеяларга кастык менен […]

Басё: Мажүрүм тал шамалга термелди

Коштогон ай шыбырайт: “Баш бага кет үйүмө”. Алачыгым жол боюнда. ♦ ♦ ♦ Кызарып күн батаарда Талаа гүлү Арбап алды.   ♦ ♦ ♦ Алчалар гүлдөптүр. Ыр дептерим Ачылбайт эми бүгүн. ♦ ♦ ♦ Айлана бүтүндөй шаң. Тоо кырында алчалар, Эч ким болбодубу силерди чакырган. ♦ ♦ ♦ Гүлдөгөн алчадан Ийменген ай Булутка жашынды. ♦ ♦ ♦ Достор ортосуна Кара булут тартылды. Каздар асманда кош айтышты. ♦ ♦ ♦ Турмушта эмнеге жетиштим? Ашууга чыгып, Калпагым коюп кыңтайдым… ♦ ♦ ♦ […]

Адилет ШАДЫКАНОВА: Кышкы ызгаар

Кышкы ызгаар… Үшүгөн бут астында кычырайт кар. Кар астында жайында биз тепсеген Жайкалган жашыл шибер, тулаң чөп бар. Шибер чөптөр… Ысыкта тебеледи сени көптөр. Шүүдүрүмдөн таңдагы бир тамчы суу Ичээринде бир тал чөп өсүп көктөөр… Далай буттар Тебеледи. Билбеди сенде кут бар. Тебелеген шол буттар бүгүн тоңуп, Көк шиберди көрүүгө азыр куштар… Кышкы ызгаар…кышкы ызгаар! *  *  * Асмандан жаап жатат апакай кар, Ар бир кар бүртүгүндө жылдызча бар. Андан кооз Ай менен Күн, бирок неге Ай, Күнгө окшош болуп […]

Таалайбек АБДИЕВ: Сүзгөндү билбеген кишини сууга ыргытпа (3-маек)

1-МАЕК жана 2-МАЕК ушул шилтемелерден ачылат…  – Салижан Жигитов менен курган маектеримдин биринде ал киши: «Назым Хикмет сүрөттү кисти эмес, шыбабыра менен дубал бетине балпайтып тарткандай тартып, бирок деталдарын жакшы иштеген эмес. Алыстан жакшы кабыл алынат, а которуп келсең, өксүгөн жерлери көзгө даана урунат. Мен ошол жерлерин кыргызчада жакшыртып койдум» дегени бар. Муну кепке кыстарып отурганымдын себеби, өзүңүздүн «Котормотаанууга киришүү» аттуу эмгегиңизде Хикметтин «Мажүрүм талын» котормо жанрындагы көзгө басар айырмачылык катары кыстара кеткен экенсиз. Жалпы окурман үчүн Салижан акенин ошол эмгегиндеги […]