Корголдун айтыштарындагы салттуулуктун сакталышы жана өздүк чеберчилик

Кыргыз акындар чыгармачылыгы – фольклор менен профессионалдуу жазма адабиятты байланыштырып туруучу өткөөл этап катары көп кылымдык тарыхка ээ. Чыгармачылыктагы жалпылыктан жекеликке, элдүүлүк, коллективдүүлүктөн индивидуалдуулукка өтүүдө салттуулук, идеялдуулук, жеке көркөм чеберчилик, образдуулук, асылдуулук, чыгармачылык таасир сыяктуу бир катар категориялардын бир чыгармачылык деңгээлден экинчисине өтүүдөгү мааниси жана орду канчалык деңгээлде экендиги негизги маселелерден. Айталы, акындардын чыгармачылыгына баа берүүдө, алардын акындык күчүн, ырчылык чеберчилигин бирин-экинчисине салыштырууда, окшоштуктарын жана айырмачылыктарын белгилөөдө мурдатан калыптанып калган салттуулуктардын чыгармачылыктагы сакталышы бутага алынат. Салттуулук чыгармачылыкта байыртадан бери сакталып, […]

Мээрим Көлбаева: Акындар айтышынын улуттук сыпаты

Кыргыз адабиятынын учурдагы калыптанышы руханий дөөлөт башатындагы элдик оозеки адабияттан, акындар чыгармачылыгынан, анын ичинде өнөрү айырмалуу жазма адабий мурастардын классикалык үлгүлөрүнөн, чыгармачылыкта ойчулдукту, акылмандыкты, сынчыл чечендикти, артисттик, аткаруучулук, обончулукту камтыган синкреттүүлүктү талап кылган төкмө акындардын чыгармачылыгынан башат алып, куралган. Ушул чыгармачылык өнөр калкыбыздын болмушу менен дүйнөтаанымын, улуттук аң-сезимин, менталитетин, утут тууралуу жазылбаган мыйзам-эрежелерин оозеки урпактан-урпакка аманат кылып келди. Кыргыз элинин ата-бабасынын сактап келген мекенин, салт-санаасын, үрп-адатын, мекенчилдик сезимдерин, адамкерчилик-ыймандык касиеттерин, эне-тилди барктоону,  калыптанган байыркы ишенимдерди, диний түшүнүктөрдү кастарлоону акындык поэзиянын […]