Муа эл жомогу: Дельфин этин адамдар неге жебейт?

Бир аралда чоң энеси менен бирге бир улан жашаптыр. Чоң эне жыпар жыт чыгаруучу кокос майын даярдоонун өзгөчө ыкмасын билип, аны менен небересинин денесин сүргөн күнү анын кереметтүү жытынан улам дельфиндер жээкке жакын сүзүп келишчү экен. Мындан пайдаланган аралдын жашоочулары дельфиндерди оңой эле торго түшүрүшүп, ошол күнү олжого туйтунушчу болуптур. Дагы бир жолу аралдын тургундары дельфиндердин чоң үйүрү торго чалынганын көрүп, олжолуу болгонуна сүйүнүп жатышканда алардын арасындагы кокос майын сыйпанып жыпар жыттанган алиги уланга бир дельфин сүзүп келип мындай деп […]

Абдыкерим Муратов: Ак Мактым cулуу

АҢГЕМЕ Байсарынын өргөөсү. Түндө түндүгүн түрүп жатышкан. Мактым асмандагы жылдыздарга карап үнсүз сырттагы дабыштарды тыңшайт: шаулдаган суунун чамынып киргени, аттардын кишенегени. «Сүт-а-к! Сүт-а-к!..» Кайдандыр сүтактын кыйнала үн катканы жаңырып, кыздын жүрөгү болк эте түштү. «Келди!» «Сүтак болуп келди!» Сүтак дагы үн катты. – Жаныбар сүтак эй, ушинтип таң аткыча кыйкырып чыкса, таң атарда оозуна бир тамчы сүт куюлат! – Атасы ойгоо экен кимге айтканы белгисиз, өзүнчө кобуранып койду. – Сүт-а-к! – Ана, Баатырбеги сүтак болуп белги берип чакырып атат. Мактым […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Байкуштарым…

ЭССЕ Алексей, Досжан, Хусейн. Алар сиздин, биздин, баарыбыздын замандаштарыбыз. Мен ал үчөөнү үйүмдөн чыгып иштеген жериме баратчу, ишимден чыгып үйүмө келатчу узун жолдун четиндеги атайын таштанды төгүүчү жайдан гана көрөм. Өңү, түстөрүнө, ысымдарына карап баамдасам үчөө – үч башка улуттун өкүлдөрү. Ошол жайга ташталган жараксыз темирди темирдей, азыкты азыктай бөлүп таза кармаган үчөө гана экенин кийин билдим. Себеби, бир жолу күз мезгилинде бир жумача үчөө тең көрүнбөй калышты. Кайда кетишти, эмне болду?.. Алар айланчыктаган таштанды төгүүчү жердеги кутучалар толуп-ташып, күйгөнү […]

Берилгендик жана Айкөлдүк

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан “Конфуцийдин дүйнөгө кеңири таралган ойлорунан” аталышындагы китеп басмага даярдалды. Улуу ойчулдун орус тилинен которулган учкул сөздөрү окурмандарыбыздын чоң кызыгуусун жаратарына ишенебиз. * * * Цзэн Цзы айткан: “Улуу устаттын (Конфуцийдин) асыл ойлорунун өзөгүн эки сөз түзөт. Алар— Берилгендик жана Айкөлдүк”. * * * Башкы кол  башчысынан айрылып  калган күндө да жоокерлер ал баштап бараткан багыттан чыкпашы керек”. * * * Башка бирөө менен бирге кандайдыр бир илимди окуп-үйрөнүүгө болот, бирок ошол эле киши […]

Олжобай ШАКИР: Мээримсиз канчык

АҢГЕМЕ Өмүрүмдө балага мээримсиз адам сыягындагы энени көргөм, бирок өз күчүктөрүнө мээримсиз канчыкты көргөн эмесмин. Андай макулукту эми өз короомдон көрүп отурам. Үйгө аны балдарым таап келишкен. Өткөн жылы күзүндө нөшөрлөгөн жамгырлуу күндөрдүн биринде кенедей уул-кызым мектептен келатканда, көчөдөгү көлчүктө кыңшылап жаткан күчүктү көрүшөт… Көзү жаңыдан ачылган. Күчүк кыңшыласа өздөр да кошо ыйлап, жамгырда үчөө бирдей шөмтүрөп кирип келишти. Күчүктүү балам бооруна кыса кирди. – Сасыган немени сыртка ыргыткыла! – дегениме болбой экөө тең жарыша чырылдап ийишти: – Ата, күчүк […]

Кожогелди Култегиндин котормосундагы казак акыны Темирхан Медетбек

КӨКТӨМДӨГҮ СҮРӨТ Түнү менен жааган жамгырдан Дүйнө салбырап, Басылып калыптыр. Жердеги чалчыктар – Жыртып-жыртып таштаган Фотосүрөттөр сыяктуу Ар жерлерде Чачылып калыптыр. Үзүм-үзүм Чалчыктын бирөөсүндө Көмкөрүлгөн асман Сынып жатат. Бирөөсүндө Сөөмөйдөй болгон Чыбык жатат. Бирөөсүнөн Бутакта бүрүшүп олтурган Таранчы көрүнүп, Бирөөсүнөн Токтоп турган машинанын Капталы жаркыроодо. Бирөөсүнөн Кермедеги алынбай калган Алда-кимдин Көйнөгү самтыроодо. …Булут түрүлүп, Асмандын бир чети ачылып жатат… Үзүм-үзүм чалчыктар Жыртылган фотосүрөттөр өңдүү Кара жердин бетинде Чачылып жатат. (Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)   ЧАБЫТТАГЫ АКЫН Мына бул акындын Шамал күнкү […]

Адеп аңгемелери: Энеге мамиле

 «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Абдыкерим МУРАТОВ Эне бар үчүн биз барбыз, аалам бар, адам бар, турмуш бар, жашоо бар. Сиз жана биз бир кичинекей тамчы суудан эненин денесинде кыймылга кирип, бир бурдам эттен чоңоюп адам болгонбуз. Муну үчүн эң биринчи энеге карыздарбыз. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис-с-салам хадистеринде «Алланын алдында төрөгөн аял төрөбөгөн чырайлуу аялга караганда өйдөрөөктүр» деп айтат. Дагы бир осуяттарында «Кимге жакшылык кылайын?» деген саабанын суроосуна «Адегенде энеңе, дагы энеңе жана дагы энеңе, анан атаңа жакшылык кыл» деп […]