Жылкычы ЖАПИЕВ: Туулган үй

АҢГЕМЕ Ал жыйырма жылдан бери үйүнө барамын деп коюп чыгыналбай жүрөт. Эки-үч курдай жолдош-жоролоруна айтып койгону бар мактанып. Анда да бир каскак жолун тороп, баралбай калган. Эми жолдоштору тургай катын-балдары да ишенбей калды. Кийинки кезде: «Барып бир көрүп келбесем» – деп айта берчү болду. Атайын бир күндү болжоп, даярданып алып, кайра эле айнып калат. Бир курдай жол азыгын камдап, катын-балдары менен коштошуп, вокзалга чейин барып, поюзду күтпөстөн кайра үйүнө баса берген. Катын-балдары аң-таң калышкан ошондо. – Айнып калдым,– деген Алексей […]

Олжобай ШАКИР: Жыт

АҢГЕМЕ Бөкчөйгөн бечара кемпирдин заарканганы – жыт. Ал жыт өзүнүкү, бирок өзүнө кайдан жыттансын, аны эшиктен кирери менен уул-келини, неберелери сезет. Алар босогону аттаары менен кемпирге жийиркеничтүү карап, терезе, балконду ачканга шашат. Үйдө жагымсыз жыт пайда болгонун мурда эч кимиси ачык билдирчү эмес эле, азыр босогону аттары менен «өф-фи-иий» деп турушат. Башкасы башка го, «апа, терезелерди ачып отурсаңыз боло!» дегенди өз жанынан чыккан уулу Медер баштайт… Бечара кемпир кийинчерек ушул кепти көп уккандан жазганчаак болуп бүттү. Медердин энесине жасаган мамилесин […]

Олжобай ШАКИР: Кайнаган шорподон муздаган жүрөк

АҢГЕМЕ «Э-к! макулук сени… Өз энесин сүзгөн ушуну көрдүм». Чоң күрөң уй бак коруктагы кичинекей күрөң уйга мүйүз челигенин көргөн кара кемпир картаң уйга болуша кетти. Бу кичинекей күрөң уй качанкы мал. Ага тап берип мүйүзүн челиген чоң күрөң өзүнүн эле этке төгүлбөй калган торпокторунун бири экени эсинде, анда күүлүү-күчтүү кези, бул уйду өзү саачу. Эми минтип эки уйдун чатагына көз салганча ийик ийирип отурган кемпирдин бөкчөйүп калган убагы. Ыраматылык чалынын көзү өткөндөн берки жылдарды санап отурса, жыйырма жылдан ашыптыр. […]