Мезгил ИСАТОВ: Өлүм – өмүрдөн да көп жашайт!

*  *  * Үйдө жалгыз, жымжырттык экөөбүз, Отурабыз, ой аралап. Жашоо дагы жылымык. Эки бөлмө, эки көзүм, Эки башка… Ээсиз турмушумда, Баратсам өзүм жалгыз, Эч жерде… эч бир жерден, Экөөбүз тең өкүнбөгөн жер таппайм! Өмүрдү сандан-санга баракталган, Дептериме калтырып, жаап койдум, Жаштыгымды… Эшигимди… Жүрөгүмдү… Ичинен илип койдум! *  *  * Үйүм болуп, Күнөөлөрүм, күтүүлөрүм, күндөрүм. Экөөбүздөй… Жол менен терезедей тиктешкен Эңсөөлөрүм ичте калды. Жүгүм болуп Жүрөгүмдө, жүзүмдө… Акылымдын адашкан жери, алдыман чыкты. Сүйүүм болуп Эскирбеген, кетилбеген, кетпеген Эшиктей бекилбеген эртеңдерим […]