Өмер Сейфеттин: Ат тарак (конкурска №58)

АҢГЕМЕ Ат сарайдын короосунда ойноп жатканда, төмөн жакта күмүш мажүрүм талдардын далдоосундагы суунун шарылдаганын угар элек. Үйүбүз ички кашаанын бийик каштан дарактарынын артында жашынып калган сымал эле. Апам Стамбулга кеткендиктен, бир жаш кичүү бөбөгүм Хасан менен такай атчыбыз Дадарухтун жанында болор элек. Атамдын аттарын баккан Дадарух улгайып калган адам болчу. Эң жакшы көргөн нерсебиз аттар болгондуктан, таң эрте ат сарайды көздөй чуркар элек. Дадарух менен бирге аттарды сууга алып баруу, үстүлөрүнө жайдак минүү биз үчүн ыракат эле. Хасан корккондуктан, жалгыз […]