Мезгил ИСАТОВ: Айтылбасым

ЭССЕ Ирмемге келип кетсең, Бактылуу болбойт белем. Азга гана… Табигаттын бир сыныгындай болуп келатканда, үч башка адам болуп, үч башка жерден алдымдан чыктың. Айбыгып айтаар сөзүм аралашып, адашып калдым. Ошондон бери табыла элекмин. Жоголгом го… Сен жөнүндө жамгыр жаады. Жаш тамчылар тиер-тийбес жүрөгүмө себеленет. Ансайын суу болгон сезимимди, жамгырдай жаштыгымды жашыра албайм. Акыл-эсимден алыс чыгарбай, ар дайым атыңды кайталайм. Толуп-ташып, толкуп-ташып. Сен бар үчүн жашоо жашалып, өмүр уланып жаткансыйт. Таңдын атканы, кечтин келиши да өзгөчө. Болгону атың башкача. Эркелете албайсың. […]

Мезгил ИСАТОВ: Сагынганда

ЭССЕ Жылт этип жыл кетти, Жылдыз өчтү… Каршы-терши узанган көчөлөр. Ойлор сыяктуу карама-каршы. Баскан сайын, ойлонгон сайын адаштырат. Тиги көчөдөн бул көчөгө өтөм. Дагы башкасына. Көчөлөрдөн көчөгө жүгүрөм. Эски күндөрүмө келдим. Эски досторума… Артта калган жалгыз күндөрүм менен азыркы жалгыздыгымы көргөнү. Ошол эле ойлордо бак аралап бараттым. Күз күүгүмү күндөгүдөн башкача. Бактылуу белем? Билбейм… Сенин жогуң коркутат мени. Аны билбешим керек. Балким… Балким деген эч нерсе жок. Өмүр боюнча жетпей турганың же капыстан жоготуп алаарың бар. Кубаныч-кайгысы аралашкан жашообуз толкун. […]

Мезгил ИСАТОВ: Ак деңизде жазылган ырлар

*  *  * Келип кетсе кемелер, Каректеги күтүүлөрүм алмашпайт. Тосуп алуу, коштошуулар ичинде, Менин гана кучактарым бош калат. Кусалуу сенсиз жээктер Сагынычты жашырса да, Деңиздин жалгыздыгы Менде калат! *  *  * Келгенимде, кетпе жаштык, жаңы гана кучактадым жалынды… Жүрөк күйсө, күлү калса, жалгыздыгым калбаса… Келгин куштай учаарымда, кетээримде, кетпе жаштык. Ырдала элек ырларым, жашала элек жаштыгым, жарым калган түштөрүм бар. Дагы бир аз, узарталы күнүбүздү, Күн нуру жүрөктө го, Кетпе, жаштык! *  *  * Уктап калган жылдыздар ойгонду, Ай дагы […]

Мезгил ИСАТОВ: Чексиздик жана тардык ичиндемин

Этюддар Күз кайрыктары Кандай сонун күздү карап олтуруу… Күз акындардай ыр жазып жатты. Ойлуу, омоктуу, жамгырлуу, жанга жакын жаралуу саптар. Күүгүмдөнүп, күмөндөрүм баардыгын эске салат. Шагынан үзүлөйүн, үзүлбөйүн деген аргасыз жалбырактар менен кошо кулайм. Тоголонуп кайда урунаарымды билбейм. Кайрадан сүйгүм келет. Күздөгү сүйүү туруктуу болот дешет. Бирок мен аны сактай алат белем? *  *  * Сагынычтар сабагынан үзүлүп жатты… Кылдыр этип жаны чыгып, шагынан ажырады. Денеси кулап түштү. Аны жулкунуп бараткан агын суу “лып” этип илип жөнөдү… Майдаланып топурактын өңүн […]

Мезгил ИСАТОВ: Сүйүүнүн эстелиги

ЭССЕ Сен сүйүүсүң.Сенден качам. Сагынуудан… кусалыктан. Анткени, сенсиз жашай албайм. Бүгүн сүйүүгө эстелик тургуздум. Нур тийсин деп бийигирээк, шыбак жыттуу жер тандадым. Улуу тоолордон жайлоо гүлдөрүн терип келдим. Жашыл арча койдум. Өмүрдүн артта калган күндөрүн кечирдим. Кечирим сурадым… Бирок сүйүүнүн эстелигин жыгачтан да,таштан же топурактан да жасай албадым. Аны сөздөн жасадым. Ошол кичинекей, жөнөкөй, улуу сөздү жүрөгүмө орноттум. Эми жүрөгүмдө  сенден башка эч ким жок…Сени “сүйүү” деп өзүңдөн өчпөй турган сүйүүнү тааптырмын. Эстеликти да эртелеп орнотком го. Бир жолу келатсам, […]

Мезгил ИСАТОВ: Түндөгү караңгы

ЭССЕ Ай нурунда жол таап келаттым. Даана көрүнгөн эч нерсе жок. Жөн эле келе бердим. Көрүнүп-көрүнбөгөнү, билинип-билинбегени, түшүнүп-түшүнбөгөндөрүм ичинде… Караңгыда… Жол таап келаттым. Өзүмө ылайык. Тыптынч айланада. Эч кимдин тынчтыгын бузбай акырын, абайлай басам. Өз дүйнөмдө өзүмө келаттым. Жашоом деле байкалбай кетип бараткан караңгылык сыяктуу жымжырттык ичинде… Караңгыда… Жалгыз аяк жолдо келаттым. Жарымы жарык, жарымы караңгы дүйнөдө. Караңгыны кооз кылып ай келатат. Бир үмүт сыяктуу таң атат. Жашоо алмашылгандыгы үчүн уланат. Караңгыдан жарыкка…Жарыктан караңгыга… Кээде Ушул жылдын алгачкы кары жаады. […]

Мезгил Исатов: Бойдок бөлмөдө

ЭССЕ Бойдок күндөрүмдүн акыркы түнү. Бир аз башка, өзгөчө  болушу керек. Жарыктыктын ордуна эски бир шамды жактым. Жалтак жалындардын жалтак сезимдерге жолугушкан жери… Мен жана мен бармын. Түстүү жалындардын үчүнчү жүзү. Экөөбүз сыяктуу эки жүздүү жана бүтүн. Мен батпаган дүйнө бар ичимде. Жүрөгүм ичинен илинүү. Менсиз кет. Менсиз кетпейм. Ызы-чуунун ичинде отурсам. Үн көрүнөт көзүмө үнү бүткөн. Ошондо караштарым көздөрүмдү жаратты. Дагы ойлуу, жашынчаак. Бул эмнеси? Жалгыз гана түштөрүмдү даярдап жатпадым беле бир түнчөлүк. Эми болсо жүрөгүмдүн жалгыз калган жеринде […]