Мидин Алыбаев: Ак чүч!…

I. Рас, Аялдар Биздин коомдо чоң күч. Бирок, Арасында (анда-санда) бар: Аккол «Акчүч». Аккол дейбиз, Ал анткени – Колу тийбейт Оор же кара жумушка. Эзелтеден эби келбейт Кечирээк жатып, эрте турушка. Чоочунча коомай карашат Коомдук жана үй турмушка. Эри «эрксизден» эч нерсе айта албайт. Тарелканы Асманга ыргытып урушса. «Акчүч» дейбиз, Ал анткени – Бир демеге Ачуусу келсе эле, Жата кетет үшкүрүп. Күйөөсү «акчүч, жаным!» деп турат, Кокус калса чүчкүрүп. «Байкуш» эри, Көптөн бери Сырын алдырган – «Музоосунда сүздүрүп»… II. Жолдош […]