Мидин Алыбаев: Түшкү эс алууда

АҢГЕМЕ Көптөн бери тынбай аракеттенип жатканга, булут арасынан тийген күндүн илеби кошул-ташыл болуп талыкшытып жиберди көрүнөт, Жамал орогун жакын турган тестенин үстүнө таштап, башындагы бир байлам жоолугун алды дагы бир жак учу менен терин шыпырды. Орокчулар жаңыдан түшкү дем алышка чыга башташкан. Жамал эки жагын карап орулган жерлеринде ала калбады бекен деген ой менен катарлашып жаткан тестелерге да көзүн түшүрүп, алды жагындагы жайкалган эгиндин арасынан бир аркан бою жерде чыгып турган дөңсөөчөнү көрдү дагы «ошого чейин оруп барып анан дем […]