Мидин Алыбаев: Ачуулуу аяш

АҢГЕМЕ Чымырбай экөөбүздүн дос болгонубузга өтө көп жыл болуп калды. Окууга бир кирип, бирге бүттүк. Ал кичинесинде эле уялчаак, мокок жана коркок эле. Бирок өзү бир сырдуу болучу. Калп айтканды, ушак сүйлөгөндү, ууру кылганды билчү эмес. Чогултуп айтканда момун эле (Момун десем: «буламыктай болгон байкуш экен ээ дебеңиздер») Акылдуу момун болучу. Тамашалашканга, балдар менен мамилелешкенге жана кыздарды сындаганга да кыйын эле. Анын коркоктугун ушундан билчүмүн: балдар чогулуп барып, бирөөнүн арабасынан дарбыз уурдасак, биздин Чымырбай алда кайда качып, тамдын көлөкөсүндө туруучу. […]

Көкүрөгү караңгы шордууларга тулпарды тааныткан Толубай

Райкан Шүкүрбеков окурмандарга таланттуу драматург, таасын акын, сатирик катары көбүрөк белгилүү. Көп кырдуу талант бир топ аңгемелерди да жазган. Алардан деле жазуучунун башкалардан өзгөчө стилин, кыскалык менен таамайлыкты таба алабыз. Асманга серпилген арман Жазуучу «Толубай сынчы» баянын Өмүраалы аттуу кишиден укканын, ал элге белгилүү сөзмөр, чечен адам болгонун эскерген. Айтылуу сынчы тууралуу аңыз кеп Алыкул Осмоновдун поэмасында, кийин Кубатбек Жусубалиевдин аңгемесинде көркөм сыпатталып, жалпыга белгилүү сюжетке айланды. Белгилүү чыгармаларга чейин Толубай сынчы тууралуу аңыз кепти биринчилерден болуп Райкан Шүкүрбеков көркөм […]

Мидин АЛЫБАЕВ: Баалуу байпак

АҢГЕМЕ «Кайсы жериң ооруса жан ошо жерде» деген эмеспи. Ошол эле сыяктуу эмнеден кемчил болсоң ошого зар болоруң да шексиз. Пальтоң жок болсо, жайкысын да эч нерсе эмес, кышкысын кордукту көрөсүң. Шымың жок болсо, өзүнөн өзү белгилүү. Үйдөн чыга албай каласың. Эми бул чоңдорду коё туруп майда-чуйда кемчилик жөнүндө эле айткым келет. Маселен, бет аарчы жок. Бул алакандай эле чүпүрөк болсо дагы, элдин арасында олтуруп кокус чүчкүрүп ийсең жеңиң менен мурдуңду аарчый албайсың. Демек, кемчилик иши кылып кайсынысы болсо да […]

Мидин АЛЫБАЕВ: Төлгөчүнүн сыры

АҢГЕМЕ Канчанчы жылы экени эсимде жок, айтор, кийинки согуш жылдарынын бири. Жайдын күнү болучу. Шилбили дегенди өрдөй Соң-Көлгө жалгыз бара жаттым эле. Жанымда жолдош жок эригип, эриккенден барып уйкум келип, талыкшып бара жатам. Зооканын түбүндөгү көлөкө менен өткөн жолго жаңы түшкөнүмдө алдымдан бир жөө чыкты. Саламдашып, алик алыша баштагандан кийин эле: – Ээ, иним, маңдайың жарык, ырыска шерик, жолуң ачык, адамга жамандыгың жок, ак пейил жигит экенсиң. Төлгө ачтыра кет, – деп алаканын жайды. – Төлгөчүсүңбү? – Ооба, иним. Кудай […]

Мидин АЛЫБАЕВ: Бул менин бутумбу, сенин бутуңбу?

ФЕЛЬЕТОН Аңгемени адегенде түшүндүрүп отурбай, туура эле чокусунан түшүү керек. Ошондой болсо да, аз-аздан алдын-ала сүйлөгөн жакшы. Фрунзеден Ысык-Көл жакка, Тянь-Шань жакка баруу үчүн поезд же автомобилге түшөсүң. Поезд болсо, Рыбачыга чейин гана алып барат. Ал эми автомобилге, акча маселеси жайында болсо шофёрлорду чекеге чертип туруп түшөсүң. Кээ бирөөлөр машинага түшкөндү, кээ бирөөлөр поезддин ичинде чай ичип термелип барганды жакшы көрүшөт. Мен көбүнчө чөнтөк жагым менен кеңешем. Маселен, мындай деп ойлоном: «Кош… машина болсо Рыбачыга чейин 70ти алат. Таза машина […]

Мидин АЛЫБАЕВ: Эки куданын чыры

АҢГЕМЕ «Эки жакшы жайлоого чыкса Кудалашып түшөт. Эки жаман жайлоого чыкса Кубалашып түшөт». (Эл оозунан) Керимбек университетти быйыл бүтөт. Букеш дагы эң акыркы экзаменин берип кыз-келиндер пединституту менен кош айтышам го деп жүргөн мезгили. Керимбек менен Букештин району бир болгону менен колхоздору ар башка. Алар Фрунзеге келгенден баштап эле жерибиз бир дегенсип, бири-бирине байланыштуу болучу. Бирок бул байланыштын арасында сүйүүнүн эч кандай белгилери жок эле. Жөн гана: – Силердин айылдан кандай кабар бар? Биздин колхоздо болсо, быйыл миллионер болуптур, баягы […]

Мидин АЛЫБАЕВ: Атталбай калган ок

АҢГЕМЕ Акбермет, Акбермет болуп атанып чыккан себеби, ал күйөөсүн өтө сүйүп, сыйлап, ага чеги жок ак болгондугунан аталып чыккан экен. Акберметтин күйөөсү да «Аялдардын баары менин Акберметимдей болсо, кандай болор эле. Аны менен баш кошконума азыр 15 жылдан ашты. Бирок ал ушунча болуп менден жаңылган жок жана ал жөнүндө эч кандай ушактар да уга элекмин», – деп мактануучу экен. Эл дагы, аял-эркек дебей: «Ай, дүнүйө ай, Акберметтей аял болор бекен. Аял-эркектин ортосундагы законду бузбоо жагынан мунун алдына эч ким чыга […]