Гагарин космостун «кыздыгын» алгандыгы жөнүндө Байдылданын ыры

Гагарин космоско учту деп эл «дүң» болуп жатат. Байдылда Сарнагоев жумушка барбай калыптыр. Аалы Токомбаев (ошол кезде КыргССРнин жазуучулар союзунун төрагасы) Байдылданы издеп үйүнө барса, Байдыкенин башы ооруп турган экен . Аалы: — Ой кандай немесиң деги?! Тиякта Юрий Гагарин «Восток» деген корабль менен  космоско учту деп эл дүңгүрөп жатса, үйдө жатасың. Жок дегенде ошону мактап бир куплет ыр жаза койсоң боло! Гезитке материал жетпей жатат. Байдылда: — Өөх коюңузчу эй, баш ооруп жатат, кечээгиден кийин. Баш жазыңызчы андан көрө. […]