Жандүйнө жаңырыктары Москвада

Дүйнө жүзүндөгү сулуулуктарга эмнени кошо аласыз деген суроо берилсе, Кыргыз жеримди, Ысык-Көлүмдү, Ала-Тоомду жана жан дүйнөнүн чабытын ырга, романдарга салып чагылдырган адамдарды деп жооп берер элем. Мына ушундай сулуулуктун жогорку тепкичиндеги азыркы кыргыз адабиятына салымын кошуп жаткан адамдар жөнүндө кепке өтөлү. Жакында «Москва кайрыктары» адабий клубунун ардактуу мүчөсү Урмат Сатарованын эки китеби удаа жарык көргөндүгүнө байланыштуу Москва шаарындагы адабий жана диаспоралык коомчулуктун, окурмандардын, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин пресс-катчысы Байымбетова Гүлбарчын Сулайманкулованын, Коомдук диаспоралык кеңештин төрагасы Раимкул Аттокуровдун, «Аксы» коомунун […]

Мигрант акындан бийликке дубай салам

АПРЕЛДЕ ОККО УЧКАН ДОСУМА КАТ Шейит дешти, оозуң келбей келмеге окко учтуң же ичээр сууң кем беле? Көрдө жатып сен өзүңдөн сураарсың: «Өзгөрбөптүр… Өлдүм эле эмнеге?» Ооба, досум, ба-а-ягыдай жашообуз, Жыргабадык, ошол-ошол, ошобуз. Баса, сага эсим барда айтайын, Бакиевден башка азыр ажобуз. Свет кымбат, бензин баасы асманда, Азыр бийлик элге жаман кастан да. «Камбар-Ата-2» калган курулбай, Байлап кеткен «Бакиевдер» качканда. Жайнап чыккан жык партия күнөстөн, Бирөөсү жок эл-жер үчүн күрөшкөн. Бизге азыр мыйзам жазып жүрүшөт, Депутаттар «Ак жол» менен бир […]

Мекенибизге алыскы Маскөөдөн Кара-Суунун карлыгачтары кат жазды!

Кыргызстан эгемендүү мамлекетке өткөндөн баштап, элдин жашоо шарты өзгөрдү. Ар ким алы жеткен тирилигин кыла баштады, кимдир жер иштетти, кимдир алып сатарлыкка өттү, кимдир ошол кездерде талап тоноп рэкеттик кылса, да бирөөсү алдамайга өттү дегендей… Завод фабрикалар жоюлду, не деген ишканалар менчиктештирилип кетти, кен жер, алтындар чет элдиктерге сатылып, аайтор мындан бийликтегилер эле туйтунду. Эптеп нан таап жан бакмайга түштү кайран кыргыз. Чаар ала сумка үйдө отуруп бала багаар аялдардын жонуна артылды да, алар акчанын артынан кубалап комерсанттык кылып кетишти. […]