Азамат Омош: Мигранттын ыры

АЛ МЕНИН АПАМ Кыш. Чилде. Аяз — суугу чыкылдаган. Төрөт үй. Акушерка тыпылдаган. Бир аял толгоо тартып жатат ана, Кара тер маңдайынан чыпылдаган. Ал менин апам эле. Бир аял толгоо тартат. Жер айланат. Үзүлүп омурткасы. Жан далбаса. «Ыңга-аа!» деп тирүүлүккө салам айтам. Ачылган жарыктыкка ак дарбаза — Ал менин апам эле. Жарк этип Күн көрүндү күлүп турган, Жаркырап жарык болуп күйүп турган. Жер, Ай, Күн, жылдыз, чексиз космос болуп, Элжиреп тиктеп мени сүйүп турган, Ал менин апам эле! Төрөлдүм. Уул […]

Толук Бек БАЙЗАК: Акындык бул каргышындай кудайдын

ДЕҢИЗСИҢБИ АЛЫСТАГЫ АЗГЫРГАН… Деңиз окшоп алыстагы азгырган, Толкун окшоп оюнкараак, наз кылган, Кандай жансың ээликтирген, эңсетип, Сүйүүң менен кышты дагы жаз кылган. Кандай жансың кышты дагы жаз кылган, Шарап сымал акылымды мас кылган. Түйшүк салып түнү боюу уктатпай, Түйшөлдүрүп түмөн ырды жаздырган. Алдай албайм тилим начар, келегей, Жандай албайм, акым да жок кенедей. Ансыз деле азап тарттым жашоодо, Жолун таппай, жээкке урунган кемедей. Деңиздейсиң албуут, терең, жан алып, Мен деңизчи ашык болгон карарып. Толкунуңда чабалактайм балыктай, Бирде өлүп, бирде кайра […]