Абдиламит Матисаков: «Ак журтчу аман — журт аман»

(Адабий ажар) Жусубалиев жөнүндө «жүргөнү кызык, жазганы андан кызык» деп жүрүшөт окурмандары… Ал мага мындай элестейт (көп укканыман эмес, көп көргөнүмөн…). …Таң сүрүлүп, жер жээгине жакындаган агыш шоолага чайынып, терезе түбүндө түпкүчтөй ийилген Кубат аке кечээтен берки термелеген табылгасын дептерине (эки тыйындык дептерди тең белинен бөлүп, жартысына жазат) сөөмөйдөй кембагал калеми менен күн чыкканча кажынганы кажынган… Оо, арбыганда да кандай арбыйт!.. Желбегейленген бейкасам чапаны шыргыйдай боюнан паска качып, бир жактан түн оодарган бактектер терезе кашегин чокуп, бечара «ашынасынан» сүйүнчү сурайт. […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Орус Алым

Башы: Алым – Кезеӊ Эмесе, эми бая белгиленген шарттуу чек – Учта кайкыган алым-мейкинден жанып, Түптө чөккөн Алым-тереӊге да кудуп кирер кез келди. Акын басып өткөн «адабий мектеп» жайы, «интеллектуалдык поэзия» дегенибиз не, чыныгы поэзияда «форма-мазмун катышы» кандай көрүнөт өӊдүү маселелерге Алым мисалында эми арналуу кайрылмакчыбыз. Биз буга дейре, жазмыш буйругу – совет кенжежазма адабиятынын (кыргыз, казак, татар, башкыр ж.б.) жолу орус адабияты аркылуу батыш дүйнөсүнө төтөлөй салынганын айткан элек. Эми, дал кызыгы, дал эле ушул процесстин өзү, кезинде, орус адабиятынын […]

Бакытбек АБДУЛЛАЕВ: Балдарыбызды экрандын роботу болуудан кантип куткарабыз?! 

Акыркы учурда биздин үйдөгү чоң көйгөй балдарыбыздын экранга байланып калгандыгы болууда. Сиз да үйүңүздө ушундай көйгөйгө дуушар болсоңуз бул сиз үчүн. Кайталайм, сиз үчүн бул маанилүү. Ата-эне эмне кылсын? Эки уулдун атасы катары мени үйдө эң көп түйшөлткөн нерсе: балдарымдын экранга байланып калганы. Телевизор, компьютер же смартфон азыр жашообуздун айрылгыс бөлүгү. Адам баласы бир күндө смартфонун орточо алганда 160 жолу карайт экен. Интернет жеткиликтүү болуп, телевизор көрүүнүн деле кажети калбады. Каалаганыңды интернеттен таап аласың. Өзүң үчүн, балким, кандайдыр бир деңгээлде […]