Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ: Арабдар, ажылар десе аллергиям кармайт, достор!

Менин бир ажы иним бар. Бир жарым жыл мурун «байке, эки университетте иштейсиз, томолой жетим студенттер болсо документтерин топтоп берсеңиз (ата-эне өлгөндүгү, жашаган жери, студент экени сүрөтү ж.б.) арабдар жакшы жардам беришет» дегенинен факультеттерди кыдырып, жыйналыш кылып кырктай баланын документин топтоп бердим. Андан көп өтпөй баягы үкам машинемдеги Асек Казиевдин балдарга арналган «Тамгалар сүйлөйт, Табышмактар, Манас алиппеси» деген китептерин көрүп «кел байке, буларды да ар бирин 2000 тираждан чыгарып балдар үйлөрүнө, мектептерге бекер таратабыз» деди. Ишенчээк жаным «Балакай фонду» аркылуу […]