Молдова эл жомогу: Пекалэнин канча койу болгон?

Күндөрдүн биринде Тындалэ таяктын башына түйүнчөгүн түйүп, аны ийнине илип алып келаткан Пэкалэге кезигип суроо узатты: — Ээ досум, каякка? Пэкалэ: — Койчуман менен сүйлөшүп, койлорду тоого жеткиргени баратам. Тындалэ: — Сенин көп койуң барбы? Пэкалэ: — Ак койдон бирөө да жок, ал эми кара койлор андан да аз. Которгон Айтбүбү ОРУНБАЕВА

Молдова эл жомогу: Чабан менен боярин

Бир боярин чабанга эки кой берип башка бояринге жеткизип коюуну өтүндү. Эки кой жибергенин жазган кагазын кошо берди. Жолдон чабан бир койду союп сатып жиберди да, жалгыз кой менен калды. Бояринге жалгыз койду жетелеп келди да кагазын кошо берди. Боярин кагазда жазылганды окуп, бир эле койду көрүп, чабандан сурады: — Кой кайда, чабан? — Мынакей кой, барин, —  деп жооп берет. — Бул эмес берки кой кана? — Берки кой ушул. — Ай чабан, мен мунун жанындагысын сурап атам. — […]

Молдова эл жомогу: Ага-ини

Ага-ини эки бир тууган болуптур. Ынтымактуу,  тынчтыкта жашашат. Улуусунун үй-бүлөсү, балдары бар, а кичүүсү үйлөнө элек экен. Бир жайда чогуу иштеп, түшүм жыйнап калышты, ар ким өзүнө бөлүнгөн жерден  алынган түшүмдү кырманга алып келип эгинин бастыра баштады. Түштө агасы тамактанууга кетти, а иниси жабылган таранчылардан буудайды коргоп, кырманды кайтарып калды. Агасы кетери менен иниси өзүнүн эгининен бир нече өлчөмдү агасынын үймөгүнө билгизбей кошуп койду. Ал мындай ойлоду: “Агамдын аялы, балдары бар. Ага көбүрөк керек. Мен го бойдокмун. Кайда барсам да […]

Молдова эл жомогу: Поптун акылсыз уулу

Поптун уулу болуптур. Эч нерсе үйрөнбөгөн, колунан да түк келбеген акылсыз, жалкоо экен, түгөткүр. Теректей бой берип, теменедей акыл бербептир ага. Мурдун чукулап отургандан башканы билбейт. Бир күнү үйдө нан жок калып, кызматкерлердин бири жок, баары жумуш боюнча кетишкен. Поп баласын чакырып айтат: — Уулум, айланайын! Үйдө бир кесим нан калбаптыр, туз салган идиштин да түбү көрүнөт. Мобу эки алтын теӊгени ал да базарга барып кел. Бир теӊгеге нан, экинчисине туз сатып ал. Поптун уулу акчаны алып  базарга келди. Мында […]

Молдова эл жомогу: Кембагал менен ашпозчу

Кембагал бир жолу токойго отунга барып,  жараланган бугуну таап алат. Боорукер жаны анын жараатына дары сээп, таңып, суу берип, алдына ширелүү чөптөрдөн салып, көп күн асырап, аз эмес түйшүк тартып жүрүп айыктырып алат. Бир күнү бугу бутуна так секирип туруп, токой аралап көздөн кайым болчудай болуп барып, анан кембагалга бурулуп адамча сүйлөп мындай дейт: — Сен чоң жакшылык кылып өмүрүмдү сактап калдың, ошондуктан мен дагы сага жакшылык кылууга тийишмин, артымдан ээрчи, токой падышасы сени бактылуу кылат. Кембагал бугунун айтканына ишенип, […]

Молдова эл жомогу: Аңкоо карышкыр

Илгери бир акылсыз карышкыр жашаптыр. Бир күнү ал эчкиге жолугуп калып минтет: – Азыр сени жейм. – Макул,  эгерде менин тагдырым ушундай болсо кантмек элем. Бирок мен абыдан картайдым, анан да арыкмын. Эгерде сен биртке күтө алсаң, мен үйгө чуркап барып, кызымды сага жиберем. Анын эти жумшак,  өзү жаш. Карышкыр макул болуп, эчкини коё берди да, бадалдын түбүнө жатып күтүп калды. Эчки үйгө чуркап барды да, карышкыр жөнүндө койчуга айтып берди.  Койчу акырын аңдып келип бадал түбүндө жаткан карышкырды таягы […]