Кеңеш ЖУСУПОВ: Жалгыз арча

АҢГЕМЕ I  Ата-бабам тоо арасына жолун калтырды Таптадык аны. Үйүн калтырды. Кирдик ага. Багын калтырды. Көлөкөлөдүк. Тагдырын тоо ташка чегип калтырыптыр. Күн менен ай астындагы жер үстүндө мээнеттенген, турмуштун өлөрман момундарынын жазгандарын азыр окуй алабызбы? Анда ошолордун ташка чеккен өмүрлөрү жөнүндө. Өрөөндөгү сууну жээктеген Дуңкана: «Жолдун үстү-асты чегирткелерге кыргын салган кара чыйырчыктардын ызы чуусуна толуптур, – деп күңкүлдөдү. – Эх, дүйнө сен ызы-чуу, күйүттүү ыйдан бүткөнсүңбү?..» Дуңкана күнгө даттанды: «О күн, сен да куру… Сордуң-го түгөл. Адамга болушпай, кактадың го… Билесиңби, менин […]