Касым Каимов: Жайлоо кечи

АҢГЕМЕ Жол боюндагы боз үйдөн эки адам чыкканда күн батып калган. Алар желедеги кулундардын агытылганын, күтүрөгөн көп жылкы айылдан жогорулап чубашып баратканын, коңшу чабандардын койлору үйлөрүн көздөй жайылып келип калышканын көрүштү. Кыйлага чейин отуруп калганын эми гана билишкенсиди. Бирок убакыттын билинбей өткөнүнө кейишкен жок. Бул эки аксакал адамдын беттери нурланып, ынак кымызга кызыгандыктары жана мудалуу сөзгө мооку канбаганы сезилип турду. Кечке жуук ар кимди тиричиликке кайрый турган малчылык кесип гана аларды бөлүнүшүүгө аргасыз кылгандай. Аксакалдын бири атына минди. Экинчиси аны […]