Бакытбек Абдуллаев: Мугалимдик кесип ардакталабы?

5-октябрь – өлкөнүн кыймылдаткыч күчү (мотору) мугалимдер күнү. Сапаттуу мугалим — сапаттуу билим алуунун кепили. Ал эми сапаттуу билим алгандар түздөн-түз өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө түртөт. Мугалимдер жалгыз гана окуучуларга билим, тарбия бербестен — жалпы улутка же мамлекеттин келечегинин пайдубалынын негизи. Өлкөдө 80 миңдин тегерегинде мугалим эмгектенет. Арзыбаган айлыкка иштеп, окуучуларга өздөрүнүн чамасы жетишинче билим берип жаткан мугалимдерге жаратканыбыз күч-кубат берсин! Өлкөнүн чыныгы эгемендиги ушул мугалимдердин колунда. Эркин мамлекетти эркин ойлоно алган жарандар түптөйт. Ал эми эркин жаран болууну ушул агартуу жаатында […]