Темир Сариевге энелерден алкыш!

«РухЭш» сайтынын «Мыкты Эне» аттуу атайы номинациясынын жеңүүчүлөрү аныкталып, белектер өз ээлерин тапты. Бул иш-чарабыздын максаты эмнеге экенин чечмелей кетели, азиз окурман. Кыргызда мурда «аталуу жетим», «энелүү жетим» же «тоголок жетим» деген гана түшүнүк жашап келсе, бүгүнкү күндө кыргыздын кулагына жат «социалдык жетимдер» деген жаңы түшүнүк пайда болду. «Социалдык жетимдер» – булар кимдер?! Турмуштун өгөй балдарыбы?! Жок. Кыргыздын карачечекей тукуму! Улут учугун улаар көчөт наристелерибиз. Алар ата-энеси бар туруп, бирок ата-эне мээримине, тарбиясына, камкордугуна, сүйүүсүнө мукташ келечек ээлери!!! 21-кылымдын техникасы […]

Темир Сариев мыкты энелерге белек тапшырат!

«Адам баласынын эң биринчи тарбиячысы – энелер». Оливер ГОЛДСМИТ Биз буга чейин «РухЭш» сайтынын туруктуу окурмандары арасында «Мыкты Эне» аттуу номинациянын жеңүүчүлөрү аныкталарын окурмандарга кулак кагыш кылып келген элек. Бул номанициянын жеңүүчүлөрүн аныктоо бизде эң эле жөнөкөй экендиги туруктуу окурмандарыбызга башынан маалым. Арийне, кайсы туруктуу окурман бөбөктөр үчүн жарыяланган «РухЭш» сайтындагы жомокторду өз балдарына үзбөй окуп келаткан болсо, мындан ары да бул саамалык улана бермекчи. Биздин башынан бери көздөгөн максатыбыз жана мүдөөбүз – келечек муунду туура тарбиялоо багыты; жаштарыбыз жана […]