Эфиоп эл жомогу: Аңкоо аял жөнүндө

Уурулук жана алдамчылык менен жан баккан киши болуптур. Бир жолу ал көпкө чейин көчө кыдырып жүрүп, уурдаганга ыңгайлуу эч нерсе таппайт. Ушинтип жолу болбогон ал акыры базарга барып эки жактагы соода кылган элди карап көпкө турат. Бир убакта колдоруна толтура баштык көтөргөн аял энтеңдеген бойдон жанына келип калат. – Ак көңүл адам, менин баштыктарыма көз сала турасызбы? Колдорум тимеле түшүп калды. Бирок алчуларымдын теңин араң алып бүттүм. Келесоо жаным мынча оор оокаттарды өзүм жалгыз көтөрө албасымды ойлонбоптурмун,- деп сүйлөнгөн ал […]

Эфиоп эл жомогу: Үч аңкоо

Үч аңкоо киши жашаптыр. Бир жолу алар эгин чабыкка барышат. Түн киргенде үч аңкоо каптарга самандан толтуруп, алардын үстүнө өздөрү жатып, кайра саман менен үстүлөрүнөн жамынып алышат. “Эгер түндө эгинге ууру келсе, биз аны көрөбүз, ал бизди көрбөйт. Биз аны таанып калабыз да, полицайга билдиребиз”,- деп ойлошту. Чын эле ошол түнү эгинге ууру келип, эки жакты карап, кароолчу көрүнбөгөндө ишине киришип, баягы келесоолор саманга көмүлүп жаткан үймөккө келип, каптардагы саманды көрүп, даяр буудай экен деп сүйүнөт, бирок текшерип көрмөкчү болуп, […]

Жакут эл жомогу: Эчкинин чычаңы

Илгери, илгери Бөрөлдөй деген чалдын кемпиринен бөлөк жан тутары жок экен. Бир жолу ал өзүнүн жалгыз өгүзүн сойгондон кийин кемпирин урушуп үйдөн кубалап чыгат. Байкуш кемпир абышкасы урушканда  колуна илине калган өгүздүн карынын гана үйүнөн  ала кетүүгө үлгүрүптүр. Ошентип карыган кезде талаада калган кемпир ый-муңга батып, көзүнө көрүнгөн жолго түшүп, башы оогон жакка тентип жөнөптүр. Кетип баратып алдынан картаң карганы жолуктуруптур. – Эй кемпир, эмнеге ыйлап баратасың?- деп сураптыр карга. – Абышкам жалгыз өгүзүбүздү сойгон күнү мени үйдөн кубалап чыкты. […]

Жакут эл жомогу: Эчкинин чычаңы

Илгери, илгери Бөрөлдөй деген кары кемпири экөө жашаптыр. Бир жолу ал өзүнүн жалгыз өгүзүн сойгондон кийин кемпирин урушуп үйдөн кубалап чыгат. Байкуш кемпир абышка урушканда  колуна илине калган өгүздүн карынын гана ала кетүүгө үлгүрүптүр. Ошентип карыган кезде талаада калган кемпир ый-муңга батып, көзүнө көрүнгөн жолго түшүп, башы оогон жакка тентип жөнөптүр. Кетип баратып алдынан картаң карганы жолуктуруптур. – Эй кемпир, эмнеге ыйлап баратасың?– деп сураптыр карга. – Абышкам жалгыз өгүзүбүздү сойгон күнү мени үйдөн кубалап чыкты. Тоодой болуп үйүлүп жаткан […]

Болгар жомогу: Киши менен коён

Бир жолу кедей киши токойдо келатып бадалдын түбүндө жаткан коёнду көрүп калат. Кубанып кеткен киши кыялга батып, өзүнчө сүйлөнө баштады: — Мен эми мындан ары жакшы жашай баштайм! Бул коёнду кармайм да, сатам. А түшкөн акчага чочко сатып алам. Ал мага он эки торопой тууп берет. Торопойлор чоңоюп, ар бири он экиден торопой тууйт. Анан менде эт көп болот. Эттин баарын сатып, акчасына жаңы үй курам, чарбачылык жүргүзүп, малайларды жумшайм да катын алам. Ал мага эки уул төрөп берет. Уулдарым […]

Бразилия жомогу: Момпосуй менен маймыл

Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен, айтор бир маймыл болуптур. Бир жолу ал өз үйүн шыпырып атып жерден тыйын таап алат. Аябай сүйүнүп кеткен ал буту-бутуна тийбей дүкөндү карай чуркап, өзү көптөн бери эңсеп жүргөн момпосуюн сатып алат. Андан соң бийик даракка чыгып, момпосуюн тамшанып жей баштады. Өзүнүн бир орунга тынч отура албаган адаты менен кыйшаңдап атып, бир момпосуюн дарактын коңулуна түшүрүп жиберет. Канча аракет кылганы менен момпосуюн ала албаган маймыл устага чуркап барды. — Уста аке, мага […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Эч нерсеге эби жок адам жөнүндө жомок

Илгери-илгери колуна алган нерсеси колунан түшкөн, тамак ичсе оозуна жетпей ыргыган ченде жок эпсиз,  эби жок адам жашаптыр. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы, канча аракет кылса да ал адаттан арыла албайт.  Барган жерин бүлүнтүп, жүргөн жерин жүдөтүп жүргөндүктөн ал адамды эч ким жумушка да албайт. Жумушсуз,  ачка калган күндөрү көбөйө баштаганда ойлойт. “Кой, минтип жүрсөм бул жактан ачкадан өлчүдөймүн, жер которуп сырымды билбеген элге барып оокат кылайын”. Ошентип эби жок адам жолго чыгат.  Улам бир элге токтоп, сыры билингенде андан […]

Армян жомогу: Сыйкырдуу роза

Илгери, илгери бир хан жашаптыр. Анын аксарайынын алдында жалаң роза гүлдөрүнөн турган бакча болуптур. Бакчада бир түп сыйкырдуу роза гүлү өсчү экен . Хан канчалык каарын төгүп эскертпесин, багбандар кандай амал таап аракеттенип кайтарышпасын, сыйкырдуу роза ачылып баштаганда эле аны зыяндуу курт жеп кетчү экен. Ошентип жыл сайын кайталана бергендиктен хан өзүнүн сыйкырдуу розасын көп жылдар бою такыр көрө албады. Күндөрдүн биринде ханга жаш бакчы жигит келип мындай деди: — Мени жумушка алсаң, розаңды курттан сактап калам. Ал гүл ачаар […]