Лу СИН: Жиндинин күндөлүгү

«Мыкты котормо» критерийи боюнча конкурсубузда 1-байгеликти жеңген Үмүт Култаева кыргызчалаган чыгарма окурмандар назарында… Чыгарманын автору жөнүндө кыска сөз Лу Синь (鲁迅, Lǔ Xùn), кытай адабиятынын тарыхында азыркы кытай адабиятынын негиздɵɵчүсү эсептелет. Ал ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарында турат. Лу Синь – котормочу, редактор, сынчы, азыркы кытай адабиятында майда жанрды өнүктүргɵн жазуучу жана акын. 1930-жылдан баштап, Кытайдагы солчул жазуучулардын Шанхайдагы лигасын башкарган. Лу Синь солчул идеяны жактырып, партияга өтпөгөнүнө карабастан, Мао Цзедун өмүрү өткөнчө анын күйөрманы болгон. Лу Синь Шаосин шаарында (провинция Чжэцзян) […]

Назым ХИКМЕТ: Бурхан жана даанышман карыя жөнүндө жомок

«Мыкты котормо» критерийи боюнча конкурсубузда 1-байгеликти жеңген Амирбек Азам уулу кыргызчалаган чыгарма окурмандар назарында… Менин уулума экинчи жомок Балам, качандыр бир мезгилде, кайсы бир падышалыкта, кайсы бир мамлекетте ак сакалдуу киши жашаптыр. Ал эң боорукерлердин эң акылманы, эң акылмандардын эң эле боорукери болот. Бул ак сакалдуу даанышман жашаган өлкөнүн эң чоң шаарындагы эл агымы көп аянтта асыл таштардан жасалган көзү оттой жалтылдаган, чачы таза күмүш, тулку бою таза алтын жана кишинин боюнан миң эсе бийик бурхан орнотулат. Бул эң боорукерлердин эң […]

Ги де МОПАССАН: Кайырчы

Французчадан которгон Турусбек МАДЫЛБАЙ НОВЕЛЛА Бул байкуш кайырчы майып болгону менен бир убактарда ал деле жакшылык көргөн. Он беш жашында Варвиллдин чоң жолунда анын эки бутун араба тепсеп кетип, ошондон бери ал тилемчилик менен оокат кылат; кулагына чейин жеткен балдактарына таянып алып, күнүгө короодон-короого өтүп кыдырып жүрөт. Анын башы балдактарынын ортосунда эки тоого таянгансып калчы. Наристе кезинде аны Бийеттин диний кызматкери арыктан таап алып, ошол күнү маркумдарды эскерүү болгондуктан аны Никола Туссен[1] деп атап койгон; элдин боорукерлигинен тирүү калып, эч нерсе […]

Иван БУНИН: Күзүндө

АҢГЕМЕ I Мейманканада бир саамга жымжырттык өкүм сүрдү, мындан пайдаланган ал ордунан туруп мага чала-була көз чаптырды. — Анда, мен кетейин, — деди кыз жеңил күрсүнүп, ошондо жүрөгүм экөөбүздүн ортобуздагы кандайдыр бир чоң кубаныч менен жашыруун сырды алдын ала сезүүдөн улам дирилдеп кетти. Мен ошол кечте кыздын жанынан түк жылбадым жана күн бою анын көздөрүнөн чагылган жашыруун жаркырак менен элегейликти, араң билинген, бирок кандайдыр бир аруу мээримди байкадым. Эми болсо кыздын өкүнгөндөй түр менен кетээр убактысы болгонун айткан сөзүнүн кыраатынан […]

Ги де МОПАССАН: Талаада

Французчадан которгон Турусбек МАДЫЛБАЙ НОВЕЛЛА Октав Мирбого арналат Дарылануучу чакан шаарчанын четиндеги дөбөнүн түбүндө эки күркө турчу. Аларда жашаган эки дыйкан кичинекей балдарын багыш үчүн керээли-кечке биртике жерлерин чукулап иштечү, себеби ар бир үй-бүлөөдө төрттөн бала бар эле. Эртеден кечке чейин эки коңшу короонун ичинде балдардын жайнаганы жайнаган. Эң улуу экөө алты жаштарда, ал эми эң кичүүлөрү болсо он беш ай курактагы наристелер; үйлөнүү тойлор да, балдардын төрөлүшү да эки үйдө тең бир маалда болгон. Эки эне үйүлгөн балдардын арасынан өздөрүнүн […]

Ги де МОПАССАН: Эки дос

Французчадан которгон Турусбек МАДЫЛБАЙ НОВЕЛЛА Париж камалып, ачкадан азып, онтоп турган кез. Тамдардын чатырындагы тараанчылар күндөн-күнгө азайып, арыктар да ээнсиреп кетти. Эл эмнени болсо да жеп жатты. Январдын ачык бир таңында шымынын чөнтөгүнө эки колун салып, курсагы ачканынан капалуу шылкыйып, кызматы боюнча саат оңдоочу, кысталыш боюнча бекерчи Мориссо кыябанды бойлоп келе жатса, бир маалда алдынан бир жолдошу бетме-бет чыга калды. Ал Соваж болчу, дайранын боюнда таанышкан досу. Согуштан мурун дайыма жекшемби күнү Мориссо колуна кышадан кайырмагын көтөрүнүп, артына калай кутучасын […]

Михаил ЗОЩЕНКО: Акыркы аңгеме

АҢГЕМЕ Революциянын акыркы жылдарында биздин үйдө мындай бир өзгөчө окуя болду. Үй эбегейсиз чоң эле. Беш кабат болучу. Бирок ошондой болсо да кечкисин керосин чырак күйгүзчүбүз. Бул падышачылык режимден калган белек эле. Ал үйдүн жанында турган үйлөрдүн бардыгында электр жарыгы бар эле, биздики гана ушундай болучу. Бул бардыгыбыздын кыжырыбызды кайнатчу. Ошол учурда бул үйдүн тургундары үйгө жарык киргизүү боюнча бир нерсе кылбайлыбы дей башташты. Ушундай тунжураган караңгылыкка канчага чейин чыдайбыз дешти. Аларга муну жасаса болот деп айтышты. Бул учурда биздин […]

Михаил ЗОЩЕНКО: Эстен кеткис окуя

АҢГЕМЕ Бир кызматкердин келинчеги майда буржуазиянын үй-бүлөсүнөн чыккан абдан эле жаш жана бардыгын билүүгө дилгир айым бир актерду сүйүп калды. Ал драма жана комедия артисти эле. Мына ошентип ал келин ошону сүйүп калды. Же ал анын аткарган оюнун көрүп, ал оюн аны өзүнө тартып алганбы, же тескерисинче, анын оюнун көрбөй туруп эле өзүнүн келишимдүү келбети менен жакканбы, айтор ким билсин, аны дегдеди да калды. Ал көпкө чейин эмне кыларын билбей жүрдү: күйөөсү менен ажырашып, артистке турмушка чыгып алабы же күйөөсү […]

Антон ЧЕХОВ: Караңгылык

АҢГЕМЕ Ак саргыл, жаагы узун жаш жигит айрылган тону бар, кара чоң кийиз өтүк кийип алган экен, жергиликтүү доктурду күтүп турду, ал болсо киши кабыл алганын бүтүрүп, ооруканадан өз батирине кайтып келаткан эле, жигит тартынгандай жанына араң басып келди. — Сиздей ырайымга, — деди ал. — Эмне керек сага? Жигит алаканы менен ылдыйдан өйдө мурдун сылай өттү да, асманды бир пас карап, анан барып жооп кайтарды: — Сиздей ырайымга… Бул жерде сенде, улуу урматтуу таксыр, арестанттар палатасында байкем Васька жатат, […]

Владимир ВЫСОЦКИЙ: Шахмат оюну

АҢГЕМЕ Эгерде сага шахмат ойногонду сунуш кылышса, эч качан: “билбейм” деп айта көрбө. Андан көрө: “Билем, бирок көңүл чаппай турат” деп койгонуң оң. Бул алтын эрежени эми мен жакшы билем. Бирок баягыда!.. Мен паркта гезит окуп, тынч олтурсам, бейтааныш киши жаныма басып келди. Көзүндө ушундай бир куса бар экен дейсиң, а колтугунда – шахмат тактайы. — Ойнойлубу? – өтүмсүз суроо узатты; менин баш тартаарымды билип тургансыйт тимеле. — Билбейм! — Кандайча? – секирип кете жаздап, мени асмандан түшкөн немедей карады. […]

Антон ЧЕХОВ: Үчөөнүн кимиси

АҢГЕМЕ (Эски, бирок түбѳлүктүү жаңы тарых) Стат кеңешчиси Марья Ивановна Лангердин жасалгасы келишкен эски дачасынын далисинде  Марья Ивановнанын кызы — Надя жана белгилүү москвалык коммерсанттын  уулу Иван Гаврилович турушкан .Абдан жагымдуу кеч эле. Мен жаратылышты баяндоонун чебери болгондо булуттардын артынан кылтыйып карап турган ѳзүнүн  жакшынакай жарыгын токойго, дачага, Надянын жүзүнѳ тѳгүп турган айды да кошмокмун… Дарактардын акырын чыккан шыбыштарын да, булбулдун сайраганын да, кичинекей фонтандын анча-мынча угулуп турган шарпылдагын да баяндамакмын… Надя  креслонун четине тизесин такап, таянгычты колу менен кармап  […]

Отто ЛИНХАРТ: Эшек гамбургер жөнүндө аңыз

Чехчеден которгон Амирбек АЗАМ уулу ЖОМОК 1 Чехиянын түштүгүндө бир жарды дыйкан жашайт. Анын бар ишенген дүйнөсү — жалгыз эшеги. Бир нече жыл илгери дыйкан чоң сарай куруп, бала-чакамдын керегине жарайт деп уй, кой жана эчки багат. Коён да өстүрөт. Айылдын балдары коёндор менен ойногону күн сайын келчү. Дыйкан коёндорду сатуу үчүн эмес, балдарга кубаныч болсун деп  өстүрөт. Анын даны алтындай сары жүгөрү өскөн талаасы жана алма багы да болот. Жумуш аябай көп болгондуктан, дыйкандын үй-бүлөсү таң эртеден көз байланганга чейине […]

Михаил ЗАДОРНОВ: Мүнөздөмө

Михаил Николаевич Задорнов 1948-жылдын 21-июлунда Латвия ССРинин Юрмала шаарында туулган. Советтик жана орус жазуучусу. Сатирик, драматург, юморист-актёр. Ондогон китептердин автору. Орусия Жазуучулар союзунун мүчөсү. АҢГЕМЕ — Сиздин менде жумушуңуз барбы? — деп сурады лабораториянын башчысы. — Көрүп турасыз… Башка бөлүмгө өтүп атам. — дедим бир аз чайналып, — Мага мүнөздөмө керек. — Анын эмнеси бар экен? — таңдана сурады башчы. — Жазыңыз, мен кол коюп берем! — Кандайча? — деп түшүнбөй сурадым, — Өзүмө өзүмбү? — Бул мүнөздөмө кимге керек? […]