Талгат Кеңесбаев: Кек (конкурска №5)

АҢГЕМЕ Кыз кылыгындай наздуу, кулпурган жайык жайлоо. Жумшак жел жортот. Буралып, шыңкылдай күлгөн эрке булак… Көрүнгөндүн жугундусун ичип жүрүп күлтүйө семирген дөбөттү ала канчык куйругун шыйпаңдатып, улам жыттатып жатып шаң-салтанат менен айылга ээрчите келген. Экөө үйүгүшүп, көлөкөдөн көлөкө издеп жүрүшчү. Курсагы челкейип, жер чие баштаганда канчык жоголду. Ээси аны “уурулардан” көрдү. Дөбөт болсо күн бою көлөкөдө жаткандан башканы билбейт. Жаш токол жугундуну бир табак кылып алдына коёт. Ит көздөрүн алайтып, кошкөңүл, идишти жалап-жуктап тазартып туруп кайрадан көлөкөсүнө жатат. Айыл балдары […]

АЛЕН: Улуттук намыс – атууга даяр мылтыктай

АЛЕН (Эмиль Огюст Шартье) (1868-1951), француз адабиятчысы  Ишенимдин өзү эле Кудай. * * * Чынчылдар коомун түзсөң, эң биринчи уурулар жүгүрүп келет. * * * Улуттук намыс – атууга даяр мылтыктай.   Марсель АШАР (1899-1974), француз драматургу  Сүйүү деген бирөө үчүн тынчсыздануу. * * * Май муздак жерде көпкө сакталат. Сүйүүнү да так ошондой сактоо керек. * * * Сүйүүдө бактылуу болуш үчүн сөзсүз эле сокур болуштун кажети жок, кээде гана көз жумуп кой. * * * Ким эрте ойгонсо, […]

Олжобай ШАКИР: Инстинкт

АҢГЕМЕ-ПРИТЧА (Мүдөөлөш иним Урматбек Жакшымбетовго арнайм) I Там түбүндө аптаптуу күндүн ысыгынан акактап тилин салаңдаткан ит жатты. Айлана жым. Теребелде чымчыктардын гана лаззат сайраганы угулат. Ит башын көтөрдү да алда неге бейпайлана кыңшылап, кайра тынч алгансыды. Тынч ала түшкөнү көпкө созулбады. Текетукаланып ордунан кайра турду. Кыңкыстап-кыңкыстап, улуй баштады. Чокчоюп отуруп Көк-Теңирге улуду. Теңир укту үндү. Жараткан күч да итке алкышын жаадырып, буйругун берди аткарууга. Кумайык тукуму муну аткарбай коё албайт эле… – Э башыңды жуткур! Чык… – үйдөн сыртка баш […]

Алты бир тууган

Итальян жомогу Бирөөнүн алты баласы болуптур. Бешөөсү кем акыл, бирөөсү жинди экен. Мындайга ата кургур кайгырбай коймокпу. Бир күнү ал уулдарына айтат: – Шаарга барып өзүңөргө жакка буюм сатып алгыла. Бир туугандар шаңыраңдап шаарга жөнөйт. Дүкөнгө киришет. Соода кылышат. Беш кем акылы түтүгү жок мылтык алса, жиндиси түтүгү туюк мылтык алат. Мылтыктарын ийинге илет да, жол тартышат кайра. Окус эле кайдан-жайдан алты коён капыл-тапыл чыга калат. Беш коёндун кулагы тикчийет, а бирөөсү шалпаң кулак экен. Киши караанын көргөн коёндор дыр […]

Ишенбек ЖУНУШЕВ: Оомалуу-төкмөлүү дүйнө

АҢГЕМЕ Анча бийик эмес дөңчөдө Калык колуна кош ооз мылтыгын кармап, улам башын чулгуй туш-тарабын чычкан аңдыган мышыктай сак олтурат. Айланасына көз нурун жиберип, кимдир бирөөнү күткөндөй элеңдей каранат. Жанында жарымы ичилип бүткөн арактын бөтөлкөсү турат. Эс дарты издеген караан. «Аттиң, ким болсо да чыга калса, жаның жаннатта деп» сулата атаар элем. Жеңемди биринчи сулатсам сооп тапмакмын. Анын жан алгычтай уу сөздөрү тирүүлөй куйкалайт. Муну ойлогондо ит аткандай аткым келет. Агам Салык менин кейпимди кийип, шору катпайбы. Анын үстүнө артында […]