Нурзада Кубанычбекова: Бөбөктүн ыракаты

ЭССЕ Терезеден тийген күндүн нуру мотурайган жүзүн аймалап, анын тынч укташына тоскоол болуп жатты, уйку-соо ортосунда быйтыйган алакандары менен бетин калкалаганга аракет кылганычы. Ансайын күн нурунун эсепсиз шоокуму кичкинтайдын бетин аймалаганы… Уйку сураган кичинекей көздөрүн, быйтыйган колдору менен ушалай берди… Таттуу уйкудан дароо ойгонуп, көзүн ача албай бир далайга дейре, улам-улам көздөрүн ушалап мойтоюп жата берди…  Күн болсо бөбөктүн жүзүнөн сүйгөнүн койбоду, эмнегедир кичинекей көздөр ачылууга чамасы жетпегендей… Бир аздан соң апасынын тааныш жыты, аяр дабышы, мээрим чачкан жүзү аны […]