Бакытбек АБДУЛЛАЕВ:  Эрте курактагы балага китепти кантип тандашты билесизби?

Мурдагы макалада жаңы төрөлгөн балага китеп окуу мектепте жакшы окушуна себеп болоруна токтолгом. Ал макаладан кийин окурмандардан ар кандай ой-пикирлер айтылды. Бирок мени эң көп “китеп окууну түшүндүк, бирок конкретно кайсы китепти окуганды сунуштайсың?” деген суроо ойлонтту. Себеби, бул нерсе башыман өттү. Ошондуктан бул макалада мектепке чейин балага кандай китепти тандап окуу керектигине жана кантип окуу жөнүндө сөз болмокчу. Ар кимдин ар кандай дүйнөлүк (диний) көз карашы болгондуктан китеп аттарын так атабоону чечтим. Эмне окуш керек? Чоң уулум төрөлөөрдө кыргызча […]

Олжобай ШАКИР: Манап

АҢГЕМЕ Манап АҢГЕМЕ – Бегибиздин келбети келишимдүү эрке токолундай ургаачыга жетүү ар эркекке асер эмеспи йе… Аркы жылкычынын Айдай жөнүндөгү ала качма бу сөзү да, суук напсиси да сетиркетип турду берки жылкычыны. «Кайдан сөз кыла койдум буну» деген берки жылкычы ичинен өзүн жемеледи. Арампөштүн кебине бекер жетеленген тура. Кептин баары өзүндө да: эмнеге аспиет сезимин алакчылай албады… Талгаттын оң колунун ачуусун сол колу басты. Жалаа кептен кооптонуп отурду. Сардал бойдок сааттай болуп Айдайга ышкысы түшүп жүргөн сезим кытыгысын жашыра албай […]

Мусулман санаттарынан: Ичи тарлар эмне үчүн дайыма нааразы? Себеби…

АБУ-ЛЬ-ФАРАЖ (1226-1286), Сирия жазуучусу жана илимпоз Эси жоктор өзүнөн башкалардын изги сапаттарын эмес, бир гана кемчилигин байкайт. Алар кудум денедеги кызарган жаратты көрө койгон чымындан айырмасы жок. * * * Акылга төнбөгөн жан – өлүк. Эгер аны окутуп-чокутса, тирилет. Тирилгени – какыраган жерге жамгыр жаагандай кеп. * * * Эси бар ар бир адам жосунсуз жоруктарга ырайымдуу болууга тийиш. * * * Сабырдуу адам болор болбоско уялып, өзүн-өзү ичинен жебейт. * * * Адамдын төрт сапатын эң мыкты аныктаган күч […]

Адеп аңгемелери: Устатка мамиле

Абдыкерим МУРАТОВ «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Байыркы Гират шаарында ошол жердин өкүмдары Хусейин Байгара өз увазири, атактуу акын Алишер Навои менен атчан өтүп бараткан. Бир убакта алар арык боюндагы кумда ойноп жаткан балага кезигет. Баланын булар менен иши жок. Аны көрө калып увазир-акын Алишер атынан ыргып түштү да, эки колун бооруна алып: — Ассалому алайкум, мавлоно теги! — деп учурашып калды. Баланын болсо дале иши жок, оюнун улантып жатат. Анан Навои да атына минип жолун улады. Буга таң […]

Желалиддин Руми: Ата насааты

ДИЛАЗЫК Оо, «Ата» деген кандай ыйык, ары улуу сөз. Ал эми Ата болуу андан да мүшкүл. Ата-бул эбегейсиз зор дөөлөт, чеберчилик, жоопкерчилик, кылдат мамиленин ээси, айбаттуу жөлөк, омоктуу таяныч, акылман кеңешчи. Бир даанышман өз уулуна мындайча насаат атты: — Уулум, калайыктын өзүңө кайрымдуу болуусун кааласаң, оболу өзүң калайыкка кайрымдуу бол. Өз мээнетиң текке кетпөөсүн каалабасаң, калайыктын ак мээнетин бекер кетирбе, сая кылба. Абройлуу болууну кааласаң, элпек бол. Адамдар сени маскаралап күлбөсүн десең, жүрүм-турумуңду оңдогун. Кадыр-баркың ашсын десең, башкалардын кадыр-баркын билгин. […]

Дилазык: Лунь-юйдон

«Лунь-юй» — талкуу жана аңгеме маанисин берет. Китепти б.э.ч. V кылымда Конфуцийдин (Кун Цзы) шакирттери түзгөн. Китеп улуу Устаттын аңгемелеринен куралып, Конфуций илиминин негизинен кабар берет. Устат мындай деди: — Чыныгы эркек тамакты курсагым тойсун деп ичпейт, үйдү жайлуу жашайын деп курбайт. Чыныгы эркек ишке чапчаң, сөзгө сараң келет. Ал акылман адамга карап түздөнөт. Ушундай адамдарды гана илимге ынтызар десе болот. Мэн И-цзы уул баланын баш милдети эмне деп сурады. — Нарк-шааратты сактоо, — деп жооп берди Устат. Фан Чи […]